Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

17:44 Нарында облустук акимчиликтеги кызмат орундарына жарыяланган сынак үчүн губернатор сынга алынууда


Нарын облустук мамлекеттик администрациясы өкмөттүн өткөн жылдагы №472 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамына ылайык администрациянын аппарат жетекчисинен жетектөөчү адистерине чейинки бардык 50 кызмат орунга конкурс жарыялап, ал облустук “Теңиртоо” гезитинин быйылкы жылдагы алгачкы санында жарыяланган. Облакимчиликтин бир катар кызматкерлери мындай конкурстун жарыяланышын мыйзамсыз деп эсептешүүдө. Алар адистик кызмат орунга конкурстар бош орундар болгондо гана жүргүзүлүшү керектигин белгилешип, иштеп жаткан адамдардын үстүнөн конкурс өткөрүүнү жетекчинин “сасык саясаты” деп баалашууда. Облустук акимчиликтин уюштуруу бөлүмүнөн бардык кызмат орундарына сынак жарыяланганын жана учурда документтер алынып жатканын ырасташты. (KuS)

XS
SM
MD
LG