Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

17:51 Ош облусунда 2800 окуучу кышкы каникулдан кийин мектепке барбай калышты.


Бул туурасында Ош облустук мамлекеттик администрациясынын билим берүү, маданият жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы Азизбек Ашыралиев 10-январда “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында Карасууда 5, Ноокатта 1 мектеп жер титирөөдөн улам балдарды окутууга таптакыр жараксыз. Ошол себептүү бийлик ушул чечимге токтолду. Каникулдан кийин, тагыраагы 1-февралда балдар чатырларда, мектептерде, ошондой эле китепканаларда окуусун улантышмакчы. Премьер-министрдин басма сөз кызматынан аба ырайы бүгүнкүдөй суук боло берсе кышкы каникул дагы 15-февралга чейин улантылаарын билдиришти. (АТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG