Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Президент Курманбек Бакиев кечээ өкмөткө жана Жогорку Кеңешке жасаган кайрылуусунда министрлер өкмөт башчынын уруксатысыз маалымат каражаттарына билдирүү жасоого, маалымат жыйынын өткөрбөөсү керек, деп белгиледи. Президенттин бул сөзү коомчулук тарабынан катуу сынга алынып, бийлик авторитардык режимди киргизүүгө кадам таштап жатат деген пикирлер айтыла баштады. Мындай пикир ээлери өкмөт аткарып жаткан иштери туурасында элге айтып турууга тийиш деп эсептешет.

Президент Курманбек Бакиевдин кайрылуусунда айтканы боюнча бир дагы министр өкмөт башчыдан уруксат сурабай туруп, маалымат каражаттарына маалымат берүүгө, билдирүү жасоого акысы жок. Ал министрлерди саясаттан алыс туруп, экономикага баш оту менен киришип иштөөгө тийиш деп билдирди:

-Бир да министр премьер-министрдин макулдугусуз эч кандай билдирүү жасоого, маалыматтык жыйындарды өткөрүүгө акысы жок. Андан көрө өз тармагыңарды тарткыла. Жумушун экинчи орунга таштайт дагы, маалымат каражаттарында өздөрүн реклама кылып жүрүшөт.

Мамлекет башчынын бул сөзү коомдук уюмдар тарабынан катуу сынга алынды. Айрым пикирлер боюнча президенттин бул сөзү Кыргызстан сыяктуу өзүн демократиялык өлкө деп жар салып жүргөн мамлекеттин башчысынын сөзү эмес. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова өкмөт мүчөлөрү аткарып жаткан иши тууралуу коомчулукка, элге маалымат каражаттары аркылуу билдирип турууга тийиш, деп эсептейт.

Өлкөнүн күнүмдүк турмушун, саясий-экономикалык абалын үзбөй чагылдырып турган маалымат каражаттарынын айрымдары да мамлекет башчынын мындай талабын сөз эркиндигин чектөө катары кабыл алышты. “Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекова ансыз деле эркин басылмалар үчүн расмий булактардан маалымат алуу оордугун белгилеп, бул сөз эркиндигин чектөө деген пикирин билдирди:

-Мен муну сөз эркиндигин чектөө катары кабыл алдым. Эми мындан ары министрлерде чочулоо көбөйөт да, журналисттерден кача баштайт. Бул биздин туура, расмий маалымат алуубузга жолтоо болот.

Президенттин министрлерди маалымат каражаттарына өкмөт башчынын уруксаты жок чыкпагыла деген сөзү эч кандай сөз эркиндигин чектөө эмес деген пикирлер да бар. Мындай пикир ээлеринин бири, адилет министри Марат Кайыпов:

-Эч кандай тоскоолдук жок. Сөз эркиндигин чектебейбиз, бөгөт койбойбуз. Президент да ар бир министрлик кылган ишин көрсөтсүн деп атат. Ал айрым бир министрлердин өз маселесине, укук-милдетине кирбеген маселелер боюнча билдирүү жасап, өздөрүн рекламалап жүргөнү тууралуу сөз кылып атат, --дейт адилет министри.

Эки күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров парламенттин иштөө тартиби тууралуу регламентке өзгөртүү киргизип, жалпы отурумда комитеттердин жана фракциялардын жетекчилери гана сүйлөөгө тийиш, ал эми пленардык отурумдардын саны азаят, деген сунушун киргизген.

Үчүнчү чакырылыштагы парламенттин депутаты, азыркы Жогорку Кеңештин мүчөсү Улукбек Ормонов төраганын сунушу колдоого ылайык, дейт. Анын айтуусунда мындан комитеттердин мааниси жогорулайт:

-Комитеттердин ролун көтөрүп атабыз. Бул жыйындар ачык болот, ошол жерде бардык талаш-тартыш, кошумча-алымчалар киргизилет. Мурда комитетке келбей, кийин мыйзамды кабыл аларда кошумча киргизген депутаттар үчүн чоң сабак болот.

Айрым байкоочулар спикердин бул аракетин депутаттардын укугун чектөө деп баалашууда. Алар Жогорку Кеңеш буга чейин эркин орган катары орун алып келсе, мындан ары парламент президент менен бир эле партиянын айткан-дегенин колдогон, колбалага айланат деген тынчсызданууларын билдиришүүдө.

“Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекова парламенттин канат-куйругун кыркуу менен эми өлкөдөгү жалгыз эркин органды жок кылат экенбиз деген ойдо:

-Кыргыз эли парламентти эң эле эркин, калыс орган катары көрүп келген. Өзгөчө Өмүрбек Текебаев спикерлик кылып турган учурда ЖК өтө демократиялуу болчу. Аны алып салгандан кийинки парламент азыркыдан эркин эле. Жакында мен Мадумаровдун “бир атанын балдарындай болуп иштейбиз” деген сөзүн угуп калдым, демек, атасы сүйлөйт, андан кийинкилери сүйлөйт, калгандар унчукпай отурат экен да.. Бул –“Ак жолдун” үстөмдүгү.

Айрым байкоочулардын баамында Кыргызстан акыркы жылдары демократиядан чегинүү гана жасап келе жатат. Муну алар 2007-жылы Кыргызстан бир катар көрсөткүчтөр боюнча артка чегингени тууралуу Дүйнөлүк банк, Фридом хаус, Транспарэнси Интэрнэшнэл сыяктуу эл аралык уюмдардын маалыматына таянып билдиришүүдө.

Коррупциянын деңгээлин иликтеген Транспарэнси Интернэшнэлдин эсебинде, Кыргызстан 2006-жылы дүйнөдө 142-орунда турса, 2007-де 150-орунга түштү. Дүйнөлүк Банк Кыргызстанды 2006-жылы 88-орунга койсо, кийинки жылы 94-орунга артка жылдырган. Америкалык Фридом Хаустун изилдөөсүнө ылайык, сөз эркиндиги боюнча өлкө 2006-жылы 194 өлкөнүн ичинен 137-орунда болсо, 2007-жылы 147-орунга түшкөн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG