Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

ЭКОНОМИКАДА КЕСИПКӨЙ АДИСТЕР ТАРТЫШПЫ?


Президент Курманбек Бакиев өз кайрылуусунда өлкөгө экономика тармагындагы кесипкөй адистердин жетишсиздигин козгоду. Анын айтмында билимдүү адистерди даярдоо маселесине мамлекет жакын арада көңүл бурушу керек. Президенттин экономикалык жана социалдык айрым маселелер боюнча койгон милдеттенмелери коомчулукта кандай пикирлерди жаратты?

Президент өз кайрылуусунда эмгек, адам ресурстары тармагында мамлекеттик саясатты түзүү маселеси бышып жеткенин айтты:

- Ошондуктан мен коюп жаткан милдеттенмелердин үчүнчү багыты- экономика тармагында кесипкөй адистерди даярдоо маселесин чечүү болуп саналат. Кыргызстанда кесипкөй адистерди даярдоо боюнча өнүккөн система бар, бирок кадрларды даярдоо струтктурасы экономиканын талаптарына жооп бербейт.

Ошондой эле мамлекет башчы өлкөнүн приоритеттүү делинген тармактарында кесипкөй кадрлардын жетишсиздик маселеси курч тургандыгын белгиледи.
Бул маселени чечүүнүн бирден бир жолу катары ал “10 топ менеджер” деген президенттик программаны сунуштады. Анын максаты экономикада артыкчылыкка ээ тармактарда, атап айтканда, энергетикада жана кайра иштетүү өндүрүштө ар жыл сайын мыкты 10 менеджерди даярдоо болуп саналат.

Аткаруу бийлигиндегилер кесипкөй адистерди өлкөдө кармап кала албай жаткандыгы өздөрүнүн жоопкерчилисиздигин көрсөтүп турат жана бийликтин кадр саясатынын аксап жатканы, дейт экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев:

- Президент кайрылгандан кийин элдин бардыгы адистерди даярдайлы деп чуркап калбайт. Аны уюштура турган жөндөмдүү адамдарды өзүнүн тегерегине топтоп, ошолорду иштөөгө мажбурлай турган президент өзү . Өзү кыла албагандан кийин, албетте анда ишке ашпайт.

Ошондой эле президент өз кайрылуусунда саламаттык сактоо тармагын башкаруунун жолун кайра карап чыгуу зарылдыгына токтолду. Курманбек Бакиев практикалык медицина акылуу болуп, мамлекет коомдук саламаттык сактоо жагын каржылаш керек деп билдирди. Президенттин бул тармак боюнча ушундай жаңы мамилесин саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев туура кабыл алды:

- Коомдук саламаттык сактоо, профилактика деп атабыз, бул боюнча негизинен маселеге көңүл бурулушу керек. Абдан туура маселе.

Анткен менен, элдин саламаттыгын камсыздоого жооптуу бул тармакка киргизиле турган мындай жаңыланууларга карамандай каршы болгондор да жок эмес. Маселен, саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Накен Касиев мындай дейт:

-Практикалык саламаттык сактоону элдин мойнуна илип койсо, ооруканаларга кулпу салынат. Эл доктурга келип жата албай калат. Оорулар күч алат, элдин арасында өлүм да көбөйөт.

“Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаров болсо практикалык медицинага акы төлөө киргизүү мыйзамга каршы келээрин белгиледи:

- Медициналык жардам бекер көргөзүлүшү керек деген норма мыйзамда жазылып турат. Эгерде президент медициналык тейлөөгө акы төлөнсүн десе, анда конституцияга каршы саясат жүргүзүп атат да.

Саламаттык сактоо тармагындагы жаңы милдеттенмелер боюнча мына ушундай пикирлер болду.

Пенсия маселесине кайрылган Курманбек Бакиев пенсия жашы мурунку калыбына келтирилүүгө тийиш экенин белгиледи. Анын айтымында, пенсияга чыгуунун азыркы мөөнөттөрү сакталса, анда мамлекет эки-үч жылдан кийин оор абалга туушугат. Ошондуктан пенсияга чыгуу жашын эркектер үчүн 63 жашка, аялдардыкын 58 жашка кайтаруу зарыл. Азимбек Бекназаров президенттин бул милдеттенмесин кескин сынга алды:

- Элдин талабы менен кабыл алынган мыйзамга каршы болуп атканы, эл аралык валюта корунун талабына келтирем дегени - кыргыз элинин кызыкчылыгы менен эсептешпегендиги деп эсептейм.

XS
SM
MD
LG