Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

МИЛИЦИЯ КАРМАЙ БЕРЕТ, «МЕН ИШЕНБЕЙМ» БАРАКЧАЛАРЫ ТАРКАТЫЛА БЕРЕТ


Жаннат Токтосунова, Бишкек 10-январга караган түнү Жогорку Кеңештин күзөт кызматы “Мен ишенбейм!” акциясынын төрт активдүү катышуучусун кармап алган. Баштыктарында “Мен ишенбейм!” деп жазылган төрт жүзгө жакын баракчалар табылган жаштар бир нече саат бою парламент имаратында кармалып, андан соң Биринчи май райондук ИИБге жеткизилген. Алар түшүнүк кат жазгандан соң кое берилип, бирок милициянын талабы менен бүгүн күндүз ИИБге кайрадан келишти. Тартип коргоо кызматкерлери бул окуя катардагы документтерди текшерүү гана болчу деп, улан-кыздарды биротоло кое беришти. Анткен менен акция катышуучулары алардын кармалышына башка себептер да бар деген ойдо.

Бишкек тургундарынын көздөрүнө чоң тамгалар менен “Мен ишенбейм!” деп жазылган ак баракчалар бир нече жумадан бери учурап жатат. Жыйырма чакты активдүү жаштар бул баракчаларды 30-декабрдан бери шаар боюнча чаптап жүрүшөт. “Шаар бийлиги тарабынан митингдерди өткөрүүгө чектөөлөр киргизилгенден соң, бул эркин пикирди билдирүүнүн жалгыз гана жолуна айланды”, - дейт активдүү улан-кыздардын бири Жыпар Исмаилова.

Бул түнү да эки топко бөлүнгөн жаштар баракчаларын көтөрүп алып шаардын чок ортосун бойлой баратышкан. Жогорку Кеңештин жанына келгенде Жоомарт Сапарбаев, Айчүрөк Маматкадырова, Арслан Шаршеналиев жана Уулжан Ногойбаеваларды мекеменин күзөт кызматы кармап калган. Протокол түзүлүп, жаштарга карата бейбаштык кылган деген айып менен кылмыш иши козголуп кете жаздады дейт укук коргоочу Назгүл Турдубекова.

Бирок баракчалар Жогорку Кенештин имаратына чапталбаганы, ал эми баракчалардын мазмуну “экстремисттик маанайда эмес” экени аныкталган сон жаштар кое берилди. Жоомарт Сапарбаев алар жасап жаткан аракет бир да мыйзамга каршы келбейт, ал эми алардын дал ушул түнү кармалып жатышына себеп төмөндөгүдөй деп билдирди:

- Жогорку Кеңеште бүгүн президент Курманбек Бакиев сүйлөбөдүбү. Бизге депутаттардын бири бүгүн эртең менен айткандай, мунун алдында ЖКнын четин тазалагыла деген тапшырма келиптир. “Мен ишенбейм!” деген сөздөрү бар болобу, айтор оппозициялык маанайдагы материалдарды парламенттин жанына жолотпогула деген экен. Ошондуктан гана булар (тартип коргоо органдары – ред.) кымгуут көтөрүп, баракчаларды жок кылып, бизди болсо ушинтип кармап жатышпайбы.

Жаштар документтерди текшерүү үчүн гана кармалганын, мындай текшерүүлөр жарандардын коопсуздугун сактоо максатында гана жасалып жатканын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгын коомдук тартип бөлүмүнүн башчысы Рустам Мамыров айтты. Анткен менен милиция капитаны жаштар тартип коргоо кызматкерлерине атайы кармалып калгандай деген оюн да кыйытты:

- Бул провокация да болушу мүмкүн. Балким аларга коомдо бийлик оппозициялык көз караштагы жаштарды куугунтуктап жатат деген пикирди жаратуу, башкача айтканда пиар керек болчу,- деди Рустам Мамыров.

Жоомарт Сапарбаев милиция кызмткеринин мындай оюна макул эмес. Анын айтымында, түнкү окуяга карабай, “Мен ишенбейм!” баракчалары таратыла бермекчи, ал эми өткөн парламенттик шайлоо жана өлкөдөгү абал тууралуу пикирибизди элге жеткирүү үчүн алар саясий акциялардын дагы жаңы түрлөрүн табышат.

“Мен ишенбейм” акциясы биринчи ирет 18-декабрда БШКнын имаратынын алдында өткөн. Экинчи жолу мындай акция 20-декабрда уюштурулуп, анда укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Назгүл Турдубекованы жана саясий партиялардын жаш канаттарынын ондон ашык өкүлүн милиция мыйзамсыз нааразылык иш-чара уюштурду деген кине менен кармап кеткен. Кармалгандардын ишин Биринчи май райондук соту карап, айрымдарын беш-жети күнгө эркинен ажыратып, башкаларга акчалай айып салган. Бишкек шаардык соту 22-декабрь күнү кечинде аларды Жарандык кодекстин 598-беренесине ылайык бошоткон болчу.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG