Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

7:42 Грузиядагы шайлоого көз салган кыргыз байкоочулары бүгүн Бишкекте журналисттер менен жолугушат


Алар өз байкоолорунун негизинде бул өлкөдөгү президенттик шайлоонун кандай өткөнү тууралуу сөз кылышмакчы. Грузиядагы шайлоого Кыргызстандан «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы менен өнөктөш бейөкмөт уюмдардын төрт өкүлү байкоочу катары катышып келди. Аталган уюм шайлоолорго байкоо салуу боюнча европалык уюмдун мүчөсү катары 4 жылдан бери КМШ жана Европа өлкөлөрүнө Кыргызстандан көз карандысыз байкоочуларды жөнөтүп келет. Белгилүү болгондой, Грузиядагы шайлоодо өлкөнү буга чейин жетектеп келген Михаил Саакашвили 50 пайыздан ашуун добуш менен жеңишке жетти. Өлкөнүн оппозициясы болсо добуш берүү бурмалоолор менен коштолгонун айтып, шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүүнү талап кылышууда. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG