Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

8:00 Жалалабат шаарында Аксы окуясы боюнча сот иши уланууда


Аксылык жабырлануучулардын апелляциялык арызынын негизинде республикалык аскер соту бул ишти кечээ карап баштады. Кечээки соттук териштирүүдө бул окуя боюнча айыпталып жаткан облустук милициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаев суракка алынды. Бүгүнкү сот ишинде да айыпталуучулар жана айрым күбөлөр суралаары күтүлүүдө. Былтыр октябрь айында Бишкек гарнизондук аскер соту Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан ички иштер министринин мурдагы 1-орунбасары Садырбек Дубанаевди актап, облустун мурунку прокурору Зоотбек Кудайбергенов менен облустун мурдагы милиция башчысы Кубанычбек Токобаевди беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. (SM)

XS
SM
MD
LG