Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:36

Жакынкы Чыгыштагы сапарын улантып жаткан АКШ президенти Жорж Буш бейшембиде Израилдин палестин аймактарындагы оккупациясы аякташы керек деп билдирди. Ал ошондой эле палестин качкындарынын тагдырын чечүүгө үндөп, аларга компенсация иретинде акча төлөнүшү зарыл деп кошумчалады.

Палестина жергесине алгачкы ырасмий сапары менен барган президент Жорж Буш Израилди 40 жылдан берки басып алуу саясатын токтотууга үндөдү:

-1967-жылы башталган оккупация аякташы керек. Макулдашуу Израил жөөт элинин мекени болгондой, Палестинаны палестин элинин мекени катары таануусу зарыл. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр Израилдин таанылган, коопсуз жана коргонууга жарактуу чек араларын жана Палестина мамлекетин коңшулаш, толук кандуу, эгемендүү өлкө катары кепилдей турган документ болушу керек.

АКШ президенти тынчтык келишими, айрыкча Иерусалим шаарынын статусу өңдүү маселелерде эки тараптан тең оор чегинүүлөрдү талап кылат, бирок татаал чечимдерди кабыл ала турган мезгил келди деп кошумчалады. Шаршембиде Буш Тель-Авивде Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерт менен 2 жарым сааттай көзмө-көз сүйлөшүү өткөргөн, эртеси ал Рамаллада Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен кенен-кесири маектешкен соң, Израил-Палестина тынчтык келишими кол коюлаарына ишенип турганын маалымдады:

-Мен бул иш мүмкүн экенине, мүмкүн гана эмес, тынчтык келишими мен өз кызматымды тапшырганга дейре ишке ашаарына ишенем. Анткени эки тараптан тең, Израилдин премьер-министри менен Палестинанын президентинин айткандарынан чукул аракеттер көрүүгө үндөгөн сөздөрдү уктум..

Жорж Буштун Израилден 40 жылдан берки басып алуусун аяктап, жөөт конуштары менен коопсуздук дубалдары орнотулбаган, эркин, коңшулаш Палестина мамлекети түзүлүшүнө бардык шарттарды аткарышын талап кылганын эксперттер Вашингтондун Тель-Авивге жасаган алгачкы катуу кысымы катары баалашты. Буш бирок, палестиндер террористтик чабуулдарын, Газа тилкесинен Израилге ракета атууну токтотуусу бирден-бир шарт деп белгиледи. Байкоочулар палестин бийликтери үчүн ракеталык чабуулдарды көзөмөлдөө кыйын болоорун, анткени Иордандын батыш жээги аларга баш ийгени менен, Газа тилкеси дале исламдык “Хамас” уюмуна караштуу экенин айтышууда. АКШ президенти Махмуд Аббастын “Фатах” кыймылы менен Газа тилкесин көзөмөлдөгөн “Хамастын” ортосунда аймакты бир жактуу башкаруу маселесинде жакында мунаса табылаарына үмүтүн билдирди.

Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерт Тель-Авивде Буш менен жолугушкандан кийин анын өкмөтү палестиндер менен соңку келишимди макулдашууга колдон келген аракетин жасаарын ырастаган. Ал тапта АКШ президенти Жорж Буш ишембиде Жакынкы Чыгыштагы сапарын улантып, Кувейт менен Бахрейнди, андан ары дагы бир нече арап мамлекеттерин кыдырмакчы.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG