Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

ПОЕЗДДЕГИ УУЛУУ ЗАТТЫН КЕСЕПЕТИ ООР БОЛМОК


Окумуштуулардын айтымында, 31-декабрда Кыргызстанда табылган радиоактивдүү зат эгерде абага таркап кеткенде экологиянын жана адамдардын коопсуздугуна чоң коркунуч туулмак. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошол поездден табылган цезий-137 деген радионуклид ошол эле замат атайы жайга көмүлгөнүн, эми андан тынчсыздануунун кажети жок экенин билдирди. Ошол эле учурда мындай жагдайды болтурбоо үчүн чаралар жакшы иштелип чыга электиги окумуштуулардын тынчын алууда. Деги бул химиялык заттын залалы канчалык?

Радионикулид негизинен уран казылуучу кендерде кездешет. Анын бир канча түрлөрү бар. Ошолордун бири - Цезий-137. Аны кармап көрүүгө мүмкүн эмес – көзгө көрүнбөйт, ошол эле учурда, кендин курамында кала берет жана радиоактивдүү уулуу зат катары эсептелинет. Кыргызстандан Иранды карай бет алган жүк ташуучу поездде мындай коркунучтуу зат атайын кутуларда эмес, жөн гана темир-тезек менен аралашып жиберилгенине өлкөдөгү белгилүү окумуштуу, геология илимдеринин доктору, профессор Кубат Осмонбетов таң калганын жашырбады.

- Кыргызстанда радиациялык коопсуздук боюнча маселени ар-тараптан караган мыйзам жок. Бизде радиациялык коопсуздук жөнүндө жалпы гана мыйзам иштейт. Ал эми затты бир жерден экинчи жерге которуу, аны менен иштөөдө белгиленген өлчөмдү эсептөө, заттын өзүн сактоого байланыштуу суроолор тууралуу так жооп айтылган, маселеге кеңири караган мыйзам жок. Ошонун айынан радиоактвидүү заттарды ташыганда жоопкерчиликти ким алышы керек эле деген талаштар жаралып жатат.

Негизи, радиоактивдүү заттардын сакталышы жана алардын абалына өкмөттүн алдындагы атайын агенттик көзөмөл жүргүзөт. Айлана-чөйрөнү коргоо үстүндө иштеген ал агенттиктин расмий өкүлү Кубанычбек Норузбаев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, цезий-137 курамында бар нерсенин жанында адам узак убакытка турса, катуу зыянга учурашы мүмкүн.

- Мисалы, курамында цезий бар нерсени чөнтөктө алып жүргөнгө, жумуш ордунда же үйдө кармаганга болбойт. Колдо кармап турган да аябай зыяндуу, анткени ал радиоактивдүү зат болгондуктан уулуу нурларды чачыратып турат. Мисалы, көпкө кармап турсаң, цезийдин көлөмүнө жараша, колуңду күйгүзүп алышың мүмкүн.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, табылган уулуу зат жок кылынганын, калган ишти азыр Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иликтеп жатканын айткан.

Айрым окумуштуулар ал уулуу зат поездге Кыргызстанда эмес, коңшулаш мамлекеттердин биринде жүктөлгөн болушу мүмкүн деген ойлорун кыйытышты.

Бул боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин өкүлү Кубанычбек Норузбаев буларды айтты.

- Ал поезд биздин чек арадан өтүп, андан ары Казакстанга кирип, кайра чыгып, кийин эле Өзбекстанга кире бериште зат табылып, ал вагон кайра бизге жөнөтүлгөн. Поезд чек-араларда атайын текшерүүлөрдөн өтөт, андыктан кантип эле вагонунда мындай радиоактивдүү уулуу заты бар вагон Өзбекстанга чейин табылбай калганы кызык. Бирок эмне үчүн аны ага чейин кармай алышпаганына жооп бере албайм, - деди Норузбаев.

Кабарларга караганда, поезддеги радиоактивдүү уулуу зат бар жүк Кыргызстандагы “Темир” мамлекеттик ишканасына таандык. Аталган ишкана “Азаттыктын” суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Кабарларда жакынкы мезгилдерде бул иш боюнча кылмыш иши козголоору айтылган болчу. Бирок Кыргызстандагы Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рысбек Быкын уулу азырынча бул окуяга тиешелү эч кандай маалымат жок экенин, маселе дале териштирилип жатканын гана билдирди. Андыктан эмне себептен “Темир” мамлекеттик ишканасы Иранга цезий-137 затын жиберүүгө аракет кылганы, бул иш азыр кайсыл деңгээлде кандай каралып жатканы, эмне үчүн 31-декабрда кармалган поезд тууралуу бир жумадан кийин гана дайын болгону азырга чейин белгисиз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG