Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

8:19 «Акыйкат үчүн» кыймылы форум өткөргөнү жатат


14-январга белгиленген форумда негизинен 4 маселе каралмакчы. Кыймылдын уюштуруу комитетинин координатору Аликбек Жекшенкуловдун бүгүн эртең менен «Азаттыкка» билдиргенине караганда, форумда өлкөдөгү саясий абал талкууланып, референдумдун жана парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына баа берилет. Ошондой эле коомдук парламент жана кыймылдын координациялык кеңешин түзүү маселеси каралмакчы. Жыйында мындан сырткары белгилүү коомдук ишмерлер өлкөнүн азыркы саясий абалы жана келечеги, өлкөнү өнүктүрүүнүн альтернативдүү жолдору боюнча баяндамаларды жасамакчы. Аталган кыймылга азырынча 8 партия жана 10дон ашуун коомдук уюмдар кирген. Алардын арасында оппозициялык маанайдагы «Ата мекен», «Ар намыс», «Асаба» сыяктуу партиялар бар. (SM)

XS
SM
MD
LG