Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

15:05 УДИ жана ЭРИ “негизги оппозициялык партиянын” парламентке келбей калышына тынчсызданууда


Ушундай мазмундагы билдирүүнү Улуттук демократия институту жана Эл аралык республикалык институттары 16-декабрдагы шайлоого байланыштуу жасашты. Билдирүүдө айтылгандай, ЕККУ, ЭНЕМО, “Таза шайлоо”, “Демокартия жана жарандык коом үчүн” коалициясы жана башка бир катар уюмдар шайлоонун жүрүшүндө одоно мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен. Бул мыйзам бузуулардын масштабы кыргыз парламентинде депутаттык мандаттардын бөлүштүрүлүшү Кыргызстан ЕККУнун Копенгаген документин кабыл алууда алган милдеттенмелерине туура келбестигин көрсөтүп турат, деп айтылат кайрылууда. Ошондой эле эл аралык институтттар сот “Ата мекен” партиясы 0,5% чекти өткөндүгү тууралуу далилдерди эске албай БШКнын чечимин күчүндө калтыргандыгы боюнча кабатырлыгын билдиришти.(MSu)

XS
SM
MD
LG