Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:18

А.БЕКНАЗАРОВ: АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА К.БАКИЕВ ӨЗҮ КӨРСӨТМӨ БЕРИШИ КЕРЕК

  • Ырысбай Абдыраимов

Бүгүн - 11-январда Жалалабатта Аксы окуясы боюнча сот иши улантылды. Анда экс-депутат Азимбек Бекназаров көрсөтмө берип, мурдагы жана азыркы президенттер Акаев, Бакиев баштаган бийлик, прокуратура, ички иштер кызмат башчылары суралганда гана бул окуя аягына чыгаарын билдирди. Облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов Азимбек Бекназаровдун мындай көрсөтмөлөрүн божомол деп баалады.

Үзөңгүкууш капчыгайы Кытайга берилгени үчүн экс- президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо демилгеси көтөргөн Азимбек Бекназаров түрмөгө отурбаганда алты адамдын өмүрүн кыйган Аксы окуясы болмок эмес. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралу Жогорку Кеңештин токтому менен миңдеген адамдардын нааразылык акциялары жана кайрылууларына ошондо көңүл бурулбаган. Кылымдын кылмыш иши болуп калган Аксы окуясы укук коргоо жана прокуратура уюмдарынын бир кишиге кызмат кылгандыгынан келип чыккан. Ошондой эле азыркы бийликтин тушунда ага адилет баа берилбейт. Мындай көрсөтмөнү бүгүн экс-депутат Азимбек Бекназаров сотто угузду. Анын белгилешинче окуяны аягына чыгарыш үчүн экс-президент Аскар Акаев менен бирге ошондо өкмөт башчы Курманбек Бакиевди, Алымбек Карыпкуловду, Чубак Абышкаевди, Калмурат Садиевди, Темирбек Акматалиевди жана облустук, райондук жетекчилерди, элге ок аткандарды кошо суракка алуу керек. Жети жыл мурдагы иш үчүн кылмыш ишин козгоо менен облустун прокурору Зоотбек Кудайбергенов Акүйдөгүлөрдүн саясий заказын орундаткан. Андай буюртманы аткарбай койгон анын ага чейинки кесиптеши кызматтан алынган, деп айтты Азимбек Бекназаров:

- 147-иштин 70-80 пайызы бүтүп калган. Ошол Акаевди, Абышкаевди, Акматалиевди, Бакиевди кошо, Бакиевди үч жолу аракет кылдым сурайын деп, өзүм бардым кабинетке баш прокурор сурайт, күбө катары өтүп коюңуз, Тайфунга сиз кол койгон экенсиз 17-мартта деп. Мына-ана сурак берем деп мени кызматтан бошотту. Мени кызматтан ишти бүтүрө албаганым үчүн эмес, бүтүрүп койбосун деп бошотту. Акаевден баштап райондун акимине чейин кошо тартылганда гана бүтөт. Ал 147 иш менен толук караш керек, ошондо объективдүү болот. Биз 2-ноябрга чейин бүтүрөлү деп атканбыз, болгону Бакиев сурак берсе, Акаев сурак берүүдөн баш тарткан, эки жолу тергөө тобу барып келген. Анын кол тийбестиги бар эле.

Райондун борборуна аны бошотуп алуу үчүн жөө бараткан адамдар эч кимге залалын тийгизген эмес. Жабырлануучулардын коомдук жактоочусу Абдиназар Маматисламовдун белгилешинче аларды утурлай чыккан жергиликтүү бийлик жана тартип сакчылары демонстранттардын укугун бузушкан:

- Атчан, же жөө жүргөн адамды эл тосуп алып өткөрбөй койду, же бирөөнүн мүлкүн тоноду, же бирөөгө асылды деген жер барбы?

2002-жылдын 17-март күнү Аксы районундагы 54 милиционерге 34 автомат менен, 13 тапанча жана желим союлдар, 4 миңден ашык ок-дары таркатылган. Мындай маалымат тергөө материалдарында жазылган. Бул тууралу билдирген коомдук жактоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, демонстарнттар куралдуу милицияга катылган эмес жана элдин колунда күйүүчү май жана башка курал жарактары бар деген жашыруун маалыматтар эмдигиче такталбай келүүдө:

- Элдин колунда күйүүчү бөтөлкөлөр, атчандар курал-жаракты чогултуп атты деген спец. кабарлар түштү. Биз ошон үчүн ушундай атайын пландарды иштеп чыгардык, атайын ОМОНдорду жөнөттүк деп көрсөтмөлөрдү берип келатасыңар. Эл 15 спецназды курчап, куралдарын тартып ала турган болгондо анан ок чыкты деп кечээ айттыңыз. Мен бул жерде жазып отурам. Мен ошону гана тактап алайын, спецназды курчап, элдер куралын тартып алып атканы материалдын ичиндеби, же 10 кассетанын ичиндеби? Болсо ошону тактап айтып кетсеңиз, материалдарды изилдегенде ошону дагы бир сыйра көрөлү.

Облустук милициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаев окуяга ылайык өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, моралдык айыбы бар экенин белгиледи. Ал 17-март күнү Аксы районунда болбогондуктан кимге кандай курал берилгенин билбей тургандыгын, бирок өткөн жолку соттук олтурууда райондук милициянын ошондогу башчысы спецназдарга 4 автомат бергендигин айткандыгын мындайча ойго тартты:

- Кулуевге айыптоо тарабынан суроо берилди, спецназ сиздин карамагыңызга өттү беле деп, ооба менин карамагыма өттү деди. Төрт автоматты бер деп сизге ким буйрук берди дегенде, ал айтты 4 автоматты өзүм чечип өзүм бердим деди.

Облустун прокурору Зоотбек Кудайбергенов Акүйдүн буйругун аткарбагандыгын билдирди. Анын айтымында ал Азимбек Бекназаровго кылмыш ишин конкреттүү арыздын негизинде козгогон:

- Буйруктун негизинде, мен барып материалдын баарын билишим керек, анткени ал Жогорку Кеңештин депутаты, буйругунда ошондой жазылган, эгерде министрлер, депутаттар, губернаторлор, же акимдер болсо анда биз баш прокурор аркылуу иш козгошубуз керек. Ошон үчүн алып барганбыз. Андан тышкары калгандарынын баары божомол. Ошол эле Бакиев күнөөлүү, тиги-бул деп Бекназаров айтып атпайбы, мунун бардыгы Бекназаровдун божомолу, - деп жооп берди Зоотбек Кудайбергенов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG