Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

БЕЛГИЛҮҮ АЙЫЛДЫК ШАЙЫР


Алайдын Будалык айылынан чыккан белгилүү комузчу-аткаруучу, күүчү Жумаш Куттубаев 75 жашка келди. Кутман курактагы карыя шайырдын чыгармачылык тагдыры, аткаруучулук чеберчилиги элдик ыр өнөрүнүн күйөрмандарын эч убакта кайдыгер калтырган эмес.

Ой, комузчу, комузчу,
Чертип койчу комузду.
Элжиресин эт жүрөк,
Бийик чыгар добушту,- дегендей, Жумаш карыя 75 жашка кадам таштаса да колунан комузун түшүрбөй өзүнүн черткен күүлөрү менен туулуп өскөн Алай аймагынын угуучуларынын гана эмес, калдайган кыргыз калкынын да эрмеги болуп келүүдө. Ал Алайдын Будалык айылынын Шалбаа кыштагында комузчунун үйбүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Боорун жерден көтөрүп, борбую толуп мектеп босогосун аттаган күндөн атасынын комузун колунан түшүрбөй, өзү окуган мектебинин өздүк көркөм чыгармачылыгына жандуу катышып, атасынын күүлөрүн таңшыта чертип бала комузчу аталат. “Көрө-көрө көсөл, сүйлөй сүйлөй чечен болот” дегендей, кичинекей комузчу жашы жетилген сайын аткаруучулук чеберчилиги да жетилгенден-жетилип, күүдөн күүнү чертип, райондук, областтык өздүк көркөм чыгармачылыктын кароолоруна жандуу катышып, жеңиштен-жеңишке жетишет. Жумаш орто мектепти бүткөндөн кийин Ош педагогикалык институтта окуйт. Окуу жайдын өздүк көркөм чыгармачылыгына да такай катышат. Атактуу шайырларды көрөт. Алардын ырдаган ырларын, черткен күүлөрүн угат. Анын комузга, күүгө болгон сүйүүсү, кумарлануусу баштагыдан да артат. Ал пединститутту ийгиликтүү бүтөөрү менен айылдык мектептерде мугалим болуп иштейт. Жумаш кайсыл гана мектепте иштебесин жаш таланттардан комузчулардын ансамблин уюштурат. Аларга Атайдын “Маш ботой”, Токтогулдун “Чайкама”, Ниязаалынын “Кара өзгөй” аттуу ж.б. күүлөрдү үйрөтөт. Өзүнүн кичинекей шакирттери менен райондук, областтык кала берсе республкалык кароо-сынактарга катышып баш байгелерди жеңип алат. Ошентип, Жумаш мектеп окуучуларына билим берүү менен бирге аларды руханий жактан да тарбиялайт, жан дүйнөлөрүн тазартат.

Жумаштын бүгүнкүдөй белгилүү комузчу болушуна, алгачкы шыгынын ойгонушуна, жанышына атасы жем таштаса, кийин анын шыгын залкар комузчулар Ыбырай Тумановду, Шекербек Шеркуловду, Асылбек Эшмамбетовду өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен күүлөрүн уккан күндөн комузга, күүгө болгон куштарлануусу баштагыдан да жалбыртай жанат. Куйма кулактуу Жумаш Ыбырайдын, Шекербектин, Асылбектин черткен түрдүү мазмундагы, миң түркүн кайрыктардагы күүлөрүн дароо көңүлүнө түйүп алат. Басса турса да айтылуу шайырлардын ысымын оозунан түшүрбөй, күүлөрүн таңшыта чертүү менен сыймыктанат. Жумаш аксакал өзү мындай дейт:

- Улуу Атамекендик согуштун жылдарында айылга улуу комузчулар Ыбырай, Шекербек, Асылбек ж.б. шайырлар гастролго келишти. Ошондо аларды биринчи жолу көрдүм, күүлөрүн уктум. Нота менен черткен комузчу эмес, таза гана угуу, көрүү менен үйрөнгөн адамды чыныгы комузчу деп эсептейм. Муну Ыбыкем, Асыкем, Шекем айтуучу эле.

- Жумаш аба, ар бир шайырдын өзүнүн чыгармачылыгында туу туткан устаты, шайыры болорун жакшы билесиз. Сиздин да карыя комузчуларынын ичинен өзүңүз пир катары туткан шайырларыңыз барбы? Болсо ким?

- Мен согуш учурунда 1941-жылы Ыбырай Тумановду биринчи жолу көрдүм. Ыбыкемдин черткен күүлөрүн уктум. Биринчи жолу укканда эле Тумановдун “Кеңешин”, “Жеңишин”, “Жыргал күү” аттуу күүлөрүн үйрөндүм.

-Ырахмат Жумаш аба. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Ар дайым бар болуңуз.

Карыя комузчу жогоркудай элдик күүлөрдүн кооз үлгүлөрүн чертүү менен Ыбырайдын “Жаш тилек”, “Боз салкын”, “Жыргал күн”, Шекербектин “Жүрөк толкуйт”, “Эмгек шаңы” аттуу ж.б. күүлөрдү аткаруу менен бирге өзү да күү чыгарат. Алсак, анын “Курманжан датка”, “Боз торгой”, “Боорлошум казак” деген ж.б. күүлөрү да карапайым угармандардын сүйүп угушкан чыгармаларына айланды.
XS
SM
MD
LG