Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

11:40 Инсульттан каза болгондордун саны боюнча КМШ өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биринчи орунда турат


Саламаттык сактоо минситрлигинин басма-сөз кызматынан маалымдашкандай, Кыргызстанда 100 миң адамдын ичинен 261адам инсульттан каза болот. Улуттук госпиталга акыркы 9 ай ичинде бул оорудан жапа чеккен миңден ашуун адам кайрылган. Мындай маалыматтар саламаттык сактоо министрлигинин кечээки жыйынында берилди. Адистердин айтымында, өлкөдө бул ооруга чалдыккан адамдарды дарылоо үчүн дарыгерлер , анын үстүнө ооруканаларда орун жетишсиз болууда. Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов Бишкекте жана Чүйдө оорукананын базасында 50 орундук неврологиялык кошумча бөлүмдөрдү ачууну сунуш кылды.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG