Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

13:30 Н. Мотуевге каршы козголгон кылмыш иши токтотулду деген маалымат чындыкка оошпойт


Мындай маалыматты бүгүн Ичики иштер министрлиги таратты. Анда министрлик айрым массалык маалымат каражаттарында “Кара Кече” көмүр кенинде орун алган мыйзам бузууларга байланыштуу Н. Мотуевге каршы козголгон кылмыш иши токтотулду деп жарыяланган маалыматтарды четке какты. Министрликтин белгилешинче, бул иш боюнча тергөө уланууда. Н. Мотуевге ири суммадагы көмүрдү уурдаган деген айып тагылууда. Мотуевден тышкары кылмыш иши дагы 10 адамга козголгон. Айыпталып жаткандардын бирөөсүнун ден-соолугунун начар абалына байланыштуу 2007-жылы 10-июнда кылмыш иши убактылуу токтотулган. Бирок айыпталып жаткан адамдын саламаттыгы жакшы болгон соң тергөө улантылат жана бул иш сотко берилет, деп билдирди ИИМдин басма-сөз кызматы.(MSu)

XS
SM
MD
LG