Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Баткен облусттук мамлекеттик администрациясын буга чейин жетектеп келген Султанбай Айжигитов башка жумушка которулгандыгына байланыштуу кечээ ээлеген кызматынан бошотулду. Маратбек Жумабековду бүгүн администрация мүчөлөрүнө биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев тааныштырды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарланды. (EBM)