Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТ ИШИ БҮТЧҮДӨЙ ЭМЕС


12-январда Жалалабат шаарында Аксы окуясы боюнча сот иши улантылды. Анда окуя маалында жабырлануучулар жана күбөлөр келбегендиктен адвокаттар менен соттолуучулар 43 томдон турган иштин материалдарын окууга киришти. Жабырлануучулардын жактоочулары “Аксы районунда 17-мартка чейин райондо баш аламандыктар болуп, Бекназаровдун тарапкерлери куралданып жатышат” деген маалыматтарды тактоону талап кылышууда. Облустун экс-прокурору андай маалыматтар ички иштер уюмдарынан түшүп тургандыгын ырастады.

Соттун бүгүнкү олтурумунда анын катышуучулары 43 томдон турган иштин мариалдары менен таанышууга киришти. Коомдук жактоочу Азиза Абдрасулова 17-март күнү эртең менен Кербенге бараткандарды автобустан түшүртүп алып, тинтүү жүргүзүлгөнүнө нааразы болуп, андай окуяны ошо күнү тартылган тасмалар ырастап тургандыгын билдирди:

- Дем алыш күнү саат алтыда эмнеге орунбасарыңызды анчалык шашылыш жөнөттүңүз. Директор сарайымды ким күйгүздү билбейм, балким кырсык болгондур, мен арыз жазган эмесмин деп ушул жерден көрсөтмө берди.

Экс-прокурор Зотбек Кудайбергеновдун эскеришинче, анын элди кербенге киргизбегиле деп айтпаганын жана жолдогуларды тинтүү жөнүндөгү токтому аткарылбай калганын, ички иштер бөлүм башчысы соттун мурдагы олтурумунда тастыктаган. Ага депутат Азимбек Бекназаровду камактан бошотуп алуу үчүн массалык баш аламандыктардын даярдалып жаткандыгы, Ош-Бишкек жолунда көп элдин топтолгону тууралуу маалыматтар жеткен. Анын белгилешинче, Карасуу айылында мектеп деректиринин чөбү өрттөлүп, бир үйдө күйүүчү майлар бөтөлкөлөргө куюштурулган:

- Бийлик органдарга баш ийбей, аларды сабап, ошол жердеги милициянын машинесин талкалап, тоноп кетсе, бул дагы башаламандыкка кирет. Милиция жазып жүрөт менин машинаман эч нерсе калбай калды деп. Мектеп директору сарайым күйүп кетти, эч ким калыбына келтирген жок деп жүрөт.

Аксы районунда мындай окуялар болгон эмес. Жабырлануучулардын адвокаты Сартпай Жайчыбековдун белгилешинче 40 жылкы уурдалгандыгы да жалган. Аксылыктардын үшүн алуу үчүн ички иштер жана прокуратура уюмдары атайын жалган маалыматтарды топтоштурган. Болбосо, андай маалыматтарды билдиргендердин аты ачык айтылып, жашыруун кишилер да сот алдында жооп бериши керек:

- 13-мартта Каражыгачта уюштурушкан. 40 жылкы жоголду деп барып, бирөөнү уурдайбыз деп атайлап өздөрү кетип калып, эл кууганынан качтык деп, 40 жылкы жоголсо 40 милиционер айылга барабы. Он жетисинде эл келатканда аларды тосуп, атышкан. Аны дагы башаламандык деп иш козгошуп, жыйырма сегизине чейин элдин үстүнөн тергөө жүргүзүшкөн. Ошондо түзүлгөн тиги жерде ок табылды деген жалган нерселер.

Азимбек Бекназаров Жалалабатта камакта жатканда аны менен жолугушууга уруксат берилбеген. Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдун айтымында, эл Бекназаровдун баш коргоо чарасы өзгөрүүсүн каалаган. Токтогул районунан аны Ош-Бишкек жолу аркылуу Аксыга алып келатканда бошотуп алуу ою нааразы болгондордун пикирине келген эмес:

- Бекназаровду машине менен алып кетип атканда жолдон көрдүк. Эгерде биздин ошондой оюбуз болгон болсо, ошол жерде автобус толо эл бар болчу, биздин машинени алдынан тосуп алганда мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу, бошотсок ошондо бошотуп алат элек го.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG