Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

13:56 СДП Жогорку Сотко кассациялык тартипте даттанганы жатат


Социал-демократтар партиясынын өкүлү Галина Скрипкинанын «Азаттыкка» жекшембиде билдиргенине караганда, Бишкектеги райондор аралык соттун бюллетень чатагына байланышкан чечимин жокко чыгарууну сурап партия Жогорку Сотко апелляциялык эмес, кассациялык тартипте арыз даярдап жатат. Мындай арызды жолдоого үч айлык мөөнөт берилет. Ал эми бир айлык мөөнөт чектелген апелляциялык арызды СДП каражатынын жоктугуна байланыштуу бере алган жок. Мыйзам боюнча апелляциялык арыз берүү үчүн коюлган айыптын 10%ин төлөө зарыл. Скрипкинанын айтымында, партияда мынчалык каражат жок. Баш прокуратуранын кайрылуусунун негизинде райондор аралык сот СДПны БШКга 20 млн. сом төлөп берүүнү 10-декабрда милдеттендирген. Буга партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсаловдун шайлоо бюллетенинин түп нускасын өз сайты аркылуу шайлоо баштала электе коомчулукка жарыялашы негиз болгон. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG