Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

КЫШКЫ КАНИКУЛ КАНЧА КҮНГӨ СОЗУЛАТ?


Ош облусунун мектептеринде 10-январда 3-чейрек башталды, бирок, облустагы 6 мектептин 2800 окуучусу кышкы каникулдан кийин сабакка барбай коюшту. Муну мугалимдер жана облустук аткаминерлер ата-энелерден көрүшсө, өкмөт башчысы Игорь Чудинов «биз атайылап каникул жарыяладык» деп актанууда.

Чукул кырдаал министрлигинен кабарлашкандай, райондордон Карасууда – 5, Ноокатта – 1 мектеп жер титирөөнүн кесепетинен балдарды окутууга таптакыр жараксыз. Алардын кийинки тагдыры эми өкмөттүн колунда.

Кечээ кышкы каникулдан кийин Карасуу районуна караштуу Лаңгар айылынын 500 окуучусу Жумабай Култаев атындагы орто мектепке барып сабагын улантышкан жок. Агартуу жайынын директору Райла Жээналиева белгилегендей, жер титирөөдөн кийин имарат кулаганы араң турат. Балдарды кычыраган кышта чатырларда окутууга ата-энелер макул эместигин билдиришкен.

- Мындайча айтканда бул жерде көпчүлүк ата-энелер келип көрүштү. Балдарын окуутууга алар макул болбой жатышат. Суукта палаткада балдарды окутуп, зыян келтирип алышка мен жол бербейм,- дейт Райла Жээналиева.

Зилзаладан жабыркаган ноокаттык Алийма Баракова «чоңдор тоңуп жатса, балдарга мектепте эмне жок?» деген маанайда:

- Күн суукта мектептин акыбалы кандай болду экен деп тынчсызданып жатабыз. Балдар ооруп калса биринчи кезекте ата-энелер азапты тартат да.

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын билим берүү, маданият жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы Азизбек Ашыралиев ата-энелердин суроо-талабынан кийин гана ушундай чечимге токтолушкандыгын жашырбады.

- Биз ата-энелердин жана райондук билим берүүнүн жетекчилеринин суранычы боюнча гана 1-февралга чейин узарттык. Болбосо бул маселени билим берүүгө коюп чечилмекчи,- деди Азизбек Ашыралиев.

Кыргыз өмөтүнүн башчысы Игорь Чудинов кырсык баскан аймактарда каникулду 1-февралга дейре узартууга аба ырайы жана жер титирөө кесепеттери себеп болгондугун, эгерде кыш ушул тейде уланса дагы караштырып көрүшөөрүн «Азаттыкка» курган маегинде мындайча билдирди:

- Мындай шартта балдарды окутуу мүмкүн эмес. Андыктан билим берүү министрлиги менен макулдашып, каникулду 1-февралга чейин узартууну чечтик. Аман турсак кийинкисин дагы көрө жатарбыз.
XS
SM
MD
LG