Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

БУШ ИРАНДЫ КАЙРАДАН КАТУУ АЙЫПТАДЫ


АКШ президенти Жорж Буш кечээ Абу-Дабиде сөз сүйлөп, Жакынкы Чыгышта эркиндикти жана демократияны өнүктүрүү маселелерине токтолду жана Иран жетекчилерин кайрадан катуу сынга алды. Буш бүгүн Сауд Арапстанда болот жана эртең региондогу сапарын Египетте карытат.

Президент Буш Абу-Дабидеги сөзүндө: “Иран бүгүн терроризмдин башкы спонсору болуп саналат. Ал дүйнөдөгү бардык экстремисттерге жүздөгөн миллион доллар каражат сарп кылууда, бул учурда иран эли өз үйүндө репрессияларга кабылып, экономикалык мүшкүлгө туш болууда”, - деп айтты.

Буш иран бийликтерин Ооганстандагы “Талибан” кыймылын, Иракта шейиттердин отряддарын жана Ливандагы козголоңчуларды курал-жарак менен жабдып, жалпы региондо тынчтыкка жетүү үмүтүн бүлүнтүп жатат деп кескин сынга алды. Буга кошумча Тегеран Улуттар Уюмунун талаптарын аткарбай, ядролук программасына байланыштуу ачык-айкын жооп бербей, баллистикалык ракеталары менен коңшуларын коркутуп жатканын да белгиледи.

“Иран бардык өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирет. Ошондуктан өтө кеч болуп кете электе Кошмо Штаттары Перси булуңундагы жана дүйнөдөгү достору менен биргелешип бул коркунучту ооздуктоо аракетин күчөтөт”,- деди Буш.

Буш “байманалуу маданияты бар, таланттуу иран эли” анын ыктыяр-эркин эске алган, анын үмүтүн актаган бийлик тушунда жашаганга укуктуу экенин белгилеп, “Иранда эркиндикти жана адилеттикти эш туткан өкмөт түзүлүп, бул өлкө эркин улуттар коомчулугуна кошула турган күн келерине”, ошондой кезең келгенде “ирандыктарга Кошмо Штаттарынан ашкан дос табылбасына” ишеничин билдирди.

Буш араптардын бириккен эмираттары жетишкен экономикалык жана социалдык прогресске чоң баа берди. Ошол эле учурда айрым кемчиликтерди да көрсөтүп өттү. Чынчыл,адилет шайлоосуз, сөз эркиндигисиз карапайым калк жаркын болочокту, айкын келечекти убада кылган сөздөргө ишенип кетери күмөн, деп айтты Буш.

Абу-Дабидеги стратегиялык изилдөөлөр борборунда чогулган конокторго кайрылып, Буш Жакынкы Чыгышта демократияны жайылтуу ишине Кошмо Штаттары “реалдуу, бекем жана кебелгис” колдоо көрсөтөрүнө ишендирди. Бул колдоону ал Азиянын көп өлкөлөрүнө,мисалы,Японияга АКШнын көп жылдардан бери көрсөтүп келаткан көмөгүнө салыштырды. Кошмо Штаттары бул аймактагы эркиндикке жана коопсуздукка умтулган мүдөөлөргө кошулат, регионду террорчулардын же экстремисттердин колуна калтырбайт, деп билдирди Буш.

Перси булуңундагы айрым өлкөлөрдөгү демократиялык процесстерди кубаттап, Буш башкаларды да алардын өрнөгүн алууга чакырды. Палестин-израил чатагына токтолуп, Буш тынчтыкка жетсе болорун, бирок бул үчүн бир катар катаң чаралар талап кылынарын кошумчалады. АКШ палестиналыктарга өз мамлекетин түзгөнгө жардамдашат, ал эми коопсуздукту камсыз кылууда Израилге көмөктөшөт, деп айтты Буш.

Буш региондогу сапарын бүгүн Сауд Арапстанда улантат, эртең Египетте болот.

XS
SM
MD
LG