Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

09:56 «Кыргызпромстройбанкты» банкрот деп жарыялоо жараяны башталды


«Кыргызпромстройбанкты» банкрот деп жарыялоо жараяны башталды. Буга байланышкан чечимди райондор аралык сот 9-январда чыгарып, Улуттук Банкка жөнөткөн. Чечимдин негизинде Улуттук Банк «Кыргызпромстройбанкка» консервация эрежесин 11-январда киргизген. Мыйзам боюнча эреже киргизилгенден кийин коммерциялык банктын бардык акционерлеринин жана жетекчилеринин аракеттери убактылуу токтотулду. Улуттук Банк бардык аракеттерди жүргүзүү үчүн консерваторлук милдетти Банктарды реорганизациялоо жана карыздарды жоюу боюнча агенттиктин төрагасы Эрнис Станбековго тапшырды. Бүгүн бул маселеге байланыштуу «Кыргызпромстройбанктын» жетекчилери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Муратбек Мукашев менен мурдагы Коопсуздук кызмат башчысы Таштемир Айтбаев «АКИпресс» агенттигинде маалымат жыйынын өткөргөнү жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG