Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

ОППОЗИЦИЯНЫН ОЮНДА УЛЬТИМАТУМ ЖОК


Бийликке каршы жана калыс күчтөрдүн “Акыйкат үчүн” кыймылы бүгүн референдумдун жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгына баа берген саясий форум өткөргөн жатат. Анда парламенттин экс-спикери Абдыганы Эркебаев менен мурунку мамлекеттик катчы Ишенбай Абдыразаков Кыргызстандагы соңку саясий окуялар жана азыркы саясий кырдаал жөнүндө баа берген баяндамалар менен сүйлөгөн жатат. Кыймылдын уюштуруу комитетинин координатору, өнүгүү жана саясат боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Аликбек Жекшенкуловдун айтымында бул иш чаранын максаты –"бийлик кетсин!" деген кыйкырык эмес, өлкөнүн мындан аркы өнүгүү жолуна омоктуу сунуштарды берүү болуп саналат.

- Бул жерде бир нерсени тактап айтып коеюн, жалаң эле оппозиция күчтөр эмес, бул кыймылга калыс күчтөр дагы кирди. Ошон үчүн кыймылдын негизги максаты шашпай, “кетсин!” деп кыйкырбай, митинг, пикетке чыга калбай жалпы кыргыз мамлекети, эли кайсы жол менен баратат, кайсы жол менен келечекте өнүгүшүбүз керек, альтeрнативдүү түрдө бийликке ойлорду айтып, өзүбүздүн сунуштарыбызга коомчулукка, бийликке дагы сунуш кылмакчыбыз. Бул жерде бийлик үчүн пикетке чыга калып, талаптарды коюп “тигил, бул кетсин” деген ультимативдүү вариант болбойт бизде. Негизинен коомдук ишмерлер, саясий партиялар, НПОлор деле түшүндү: бүгүнкү саясий абалда абдан кылдат, калыс, элдин көбүнчө катмарын оюна, жүрөгүнө сиңген кыймыл болсо деген оюбуз бар",- деп билдирген болчу “Азаттыкка” Аликбек Жекшенкулов.

Өткөн жылы декабрда болгон парламенттик шайлоодон кийин шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон “Ата Мекен”, “Асаба”, Ар намыс” “Таза коом” сыяктуу оппозициялык сегиз партия, он бир коомдук уюм бир кыймылга биригип, аны “Акыйкат үчүн” деп аташкан. Кыймылдын буга чейин болгон жыйындарында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жокко чыгаруу үчүн элден 300 миң кол топтоо, коомдук парламент уюштуруу, элдик курултай өткөрүү сыяктуу сунуштар көтөрүлгөн.

Ошол эле убакта “Таза коом” партиясынын жетекчилеринин бири Табылды Акеровдун айтымында, “Акыйкат үчүн” кыймылы уюшула баштагандан тартып аны ичинен бөлүп жаруу үчүн бийлик жактан ар кандай тымызын аракеттер болуп жатат.

“Бирөөнө мамлекеттик кызмат тартууланып, экинчисинин үйүнө чалып ушул форумга барбай эле койсонуз деген өтүнүчтөр менен чыгып жатышат. Азырынчы күчтүү кысым болгон жок, бирок ушул кыймыл түзүлбөй калсын деген бардык аракет болуп жатат. Эгерде бийлик бул кыймылды көзгө илбей, саясий башка катачылыктарды кетирип, катуу кысым көрсөтүп баштаса анын аягы президентке импичмент жарыялоого алып келиши мүмкүн”,- дейт Табылды Акеров. (KCh)

XS
SM
MD
LG