Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: АКАЕВ МЕНЕН БАКИЕВ СУРАЛМАЙЫНЧА АКСЫ КЫЛМЫШЫ АЧЫЛБАЙТ


Мындан алты жыл мурда болгон каргашалуу окуяга чекит коюлуусу үчүн жогорку, облустук жана жергиликтүү бийликтердин башчылары менен 2002-жылдын 17-мартында элге ок аткандардын жоопкерчилигин суроо керек. Эң оболу экс-президент Аскар Акаев менен азыркы президент Курманбек Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыратып, талаптагыдай суракка алмайынча Аксы трагедиясынын сыры ачылбайт, анда элге ок атып кан төккөндөрдүн аты чыкпайт. Экс-депутат, “Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаров кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимовго берген маегинде ушундай деп билдирди.

- Азимбек мырза, Аксы окуясы кайсы себептерден улам келип чыкты деп ойлойсуз?

- Депутаттык иш-аракетиме байланыштуу Акаевдин аракеттерине баа бердим. Үзөңгүкууштун Кытайга кетип жатканын көрүп, туура эмес кетип жатат деп импичмент жарыялоо маселесин козгодум 2001-жылы декабрда. 19 депутат кол койду. Андан кийин Акаев дагы колунан келген аракетин мага карата жасады. Команда берилди: “тапкыла, бир нерсе издеп тапкыла” деди. Мына Кудайбергенов Зоотбек Чороевич ушул жерде аткаруучулук чоң жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Архивде жети жыл мурда кеткен нерсени эптеп таап чыкты. Арткы күн менен Букеевалардан арыз алды. Ошонун ичинде иш козголду. Мени бошотом деп менин шайлоочуларым чыкты. Баш коргоо чарасын эле өзгөртүп кой деп жалынып барбаган жери калган жок.

- 2002-жылдын 17-мартында Боспиек жеринде эл менен милициянын кагылышуусун болтурбай коюууга мүмкүнчүлүктөр бар беле?

- Адамдардын саясий укугу бар, Кыргызстанда ээн-эркин жүрүүгө укугу бар. Ошого карабастан Кербенге келтирбейбиз деген эмне деген саясат. Ээн жолдон тосуп алып ит аткандай кууп, өтпөйсүңөр бул жакка деп, аким баш болуп, райондук милициясы төш болуп ошол жерден тосуп жүрүштү. Аларды тосуп чыгуунун кажети бар беле. Он миңдеген адамдар Ташкөмүрдө деле турду эле го. Токтогулга деле барды го. Кербенге барганда бир нерсени жасап жиберет беле.

- Сиз баш прокурорлук кызматта турган маалыңызда экс-президент Аскар Акаев менен азыркы президент Курманбек Бакиевди суракка чакырууга аракет кылдыңызбы?

- Кандайча ушул иштер башталып, Букеевадан кандайча арыз алып, кантип ага үй сатып берип, Токтогулдан арыз алганынан бери ошол жерде жазылып турат. 147 -иш. Тилекке каршы ошол 70-80 пайызы бүтүп калган иш. Акаевди, Абышкаевди, Акматалиевди, Бакиевди кошо суроо керек. Бакиевди мен үч жолу аракет кылдым сурайын деп. Өзүм бардым кабинетине “башкы прокурор сурайт сизди, күбө катары өтүп коюңуз. “Тайфунга” сиз кол койгон экенсиз 17-мартта” деп. Ана сурак берем, мына сурак берем деп сурак бербей мени кызматтан бошотту. Мени кызматтан аны бүтүрө албагандыгым үчүн эмес, тескерисинче бүтүрүп койбосун деп иштен бошотту. Үч киши менен иш бүтпөйт. Акаевден баштап райондук акимине чейин кошо тартылганда гана бүтөт. Акаев болсо сурак берүүдөн баш тарткан. Эки жолу тергөө тобу барып келген эле. Анын кол тийбестиги бар эле. Акаевдин, Бакиевдин кол тийбестигин алыш керек. Ошондо гана толук Аксы окуясынын аягына чыга турган иш болот.

- Соттун жүрүшүндө Сиз азыркы бийликтин маалында Аксы окуясынын аягын чыгарууга болбойт деп айтыңыз. Эмне үчүн?

- Анткени, ушул бийликте Аксы окуясынын башкы күнөөкөрлөрү бүгүн дагы деле бийликте отурушат. Дагы деле болсо президенттин көзөмөлүндө, президенттин жан - жөкөрлөрү. Ал эми Акаевди чакырып алуу маселеси боюнча президент таптакыр бул маселени көтөрбөй жатат.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG