Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:03

13:10 Кыргызстанда ислам багытында билим алган кыз-келиндердин токсон тогуз пайызы ишсиз


“Мутакалим” мусулман аялдар уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын билдиришинче өлкөдө ислам дини боюнча билим алгысы келген аялдарга азыр мүмкүнчүктөр өтө кеңири, бирок алардын дээрлик баардыгы жумушсуз калышууда. “Буга биринчи кезекте бул жааттагы билим берүүнүн сапатсыздыгы, алардын дипломдорунун мамлекеттик деңгээлде таанылбай жаткандыгы себеп болууда,” дейт, Ж. Фронтбек кызы. Анын билдиришинче мындай абалдан чыгуу үчүн ислам окуу жайларынын программасынын отуз пайызы жалпы билим берүүчү сабактарга берилип, медересе, ислам институттарын бүткөн кыз-келиндер мектептерде ыйман, адеп сабактары боюнча мугалим кылып орношсо болот. Же болбосо чет мамлекеттердеги ислам окуу жайлары менен билимин андан ары улантуу үчүн келишимдер түзүлүшү зарыл. Кыргызстанда расмий каттоодон ислам багытындагы сегиз жогорку окуу жай жана элүүдөй медресе өткөн. Бул окуу жайларды жылына эки жүздөй кыз-келин бүтүрүп чыгат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG