Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:03

Бир топ жылдардан бери Орусияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандык белгилүү режиссер Нурбек Эген ушул жылы ири кино долбоорунун үстүндө ишти баштаганы турат. Бул тууралуу ал кабарчыбыз Төрөкул Дооров менен болгон маегинде билдирди. “Манастын төрөлүшүн утурлай” деп аталчу болочок-фильмде 90-жылдардан берки азыркы күнгө чейин болгон маанилүү тарыхый окуялар кыргызстандыктардын тагдырына кандай таасир эткени тууралуу айтылат. Ал окуяларды режиссер 10 адамдын тагдырын сүрөттөө менен берүүнү көздөп жатканын билдирди. Нурбек Эген өз сөзүн алдыда тартылышы күтүлүп жаткан фильмдин маани-мазмуну, аны тартуудагы максаты тууралуу кеп менен баштады.

Н.Эген: Бул фильмди тартууда бир топ максаттарыбыз бар: Биринчиден, XXI-кылымдын башында жашап жаткан кыргыздардын турмуш-тиричилигин, алардын ой-максаттарын, кайгы-кубанычын чагылдыруу. Себеби, эгерде азыр XX-кылымдын башындагы кыргыздар тууралуу кино болсо, баарыбыз эле сүйүнүп көрмөкпүз да. Ошондуктан муну, кайсыл бир деңгээлде, “эстелик кино” деп атасак да болчудай. Экинчиден, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн азыр канчалаган кыргызстандыктар чек-мамлекеттерде иштеп жүрүшөт. Фильмдеги ошондой каармандар аркылуу бири-бирибизди тааныштырып, өлкөнүн өнүгүшү үчүн биргелешип, иштешсекпи деген да ой бар.

Үчүнчүдөн, бул долбоорду “Манастын төрөлүшүн утурлай” деп атаганымдын себеби – Манас төрөлөөр алдында да кыргыздар кыйналган учурлар болгон. Манас төрөлгөндөн кийин, элдин башын бириктирип, душмандардан коргоп, кыргыз хандыгын түзүп, өзү хан болуп калган. Мен сүрөтчү катары “Эми жакында кыргыз эли жаңы Манасты жаратат, Манас төрөлөт” деген ойду ушул тасма аркылуу бергим келип жатат.

Азыркы кыргыздар да ошол эле мезгилдеги кыргыздардай. Болгону – ал учурда чет-мамлекеттерге кетип калчудай азыркы мүмкүнчүлүктөр болгон эмес. Азыр болсо ар бир төртүнчү жаран чет-мамлекетте жашайт. Менин оюмча, Манас төрөлүшү керек, а балким, төрөлүп калгандыр...

“Азаттык”: Нурбек, бул тасмаңызда саясий өңүтү да бар деп ойлобойсузбу? Балким, сиз Кыргызстандын азыркы президентин Манас менен салыштырып жаткандырсыз?

Н.Эген: Жок. К.Бакиев “Ушундай фильм тарт” дегидей, мен аны менен анчалык деле жакын тааныш эмесмин. Мен, көпчүлүк кыргыз жарандарындай эле, Кыргызстанга сейрек барам. Тасманы жалаң кыргыз тилинде тартайын деген ниетим бар. Анткени эне-тилибизди өнүктүрбөсөк, маданиятыбызды жоготуп алуу турган эле иш. Мамлекеттин өнүгүш жолдорун аныктаган экономикалыкпы, башка программаларбы, айтор, баары биздин тарыхыбыздан, маданиятыбыздан алынышы керек деп ойлойм. Бразилиянын же Англиянын өнүгүү моделин толугу менен бизге көчүрүп алуу эч кандай жыйынтыкка алып келбейт. Биздин маданиятыбызды түшүнбөгөндөр гана ушундай аракеттерге барып жатышат. Балким, бул фильмдин тартылышы ошол чиновниктерди да кичине ойго салат го деген ишеним бар.

“Азаттык”: Тасмада сиз “Манас” эпосунун бөлүктөрүн азыркы турмуш менен байланыштырууну көздөп жаткан экенсиз. Тарых менен азыркы турмушту байланыштыруунун кандай формалары тууралуу ойлоп жатасыз?

Н.Эген: “Манас” эпосунда көптөгөн темалар, ири окуялар чагылдырылган. Ошол окуялар менен бүгүнкү жашообуздагы маанилүү окуялардын окшоштугун, алардын өнүгүшүнүн окшоштугун белгилеп кетүүнү максат кылып жатам.

“Азаттык”: Фильмге тартылууга мурдагы президент Аскар Акаев, азыркы президент Курманбек Бакиев, атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду чакырып жатыптырсыз. Сиз бул тууралуу жарыя кылгандан бери кандайдыр бир жооптор болдубу?

Н.Эген: Менин жаңы долбоорум боюнча сиздер, “Азаттык” үналгысы, биринчи болуп айтып жатасыздар. Буюрса, 25-январдан тарта башка гезит-журналдарда да кеңири маалыматты тарката баштайбыз. Каерде болбосун, Америкада окуйбу, же Жапонияда иштейби, Орусияда же Казакстанда гастарбайтер болуп жүрөбү, Пакистанда же Ооганстанда тоонун башында жүрөбү, Кыргызстанда базарда олтурабы, же чабанбы, иши кылып, акыркы 15-20 жылдагы окуялардан улам тагдыры катуу өзгөрүлгөн кызыктуу адамдарды фильмге каарман катары чакырайын деп издеп жүрөм. Башкача айтканда, тасма бир топ мамлекетте тартылып калышы мүмкүн. Сиз айтып жаткан мурдагы президент А.Акаев, азыркы мамлекет башчысы К.Бакиев, же кыргыздын атын ааламга тааныткан жазуучубуз Ч.Айтматов тууралуу айтпай койсом, туура болбой калат го дейм. Бирок алар бул тасмага тартылууга макул болушабы-жокпу – бул башка маселе. Анткени алар да ар кандай ойдо болуп калышы мүмкүн.

“Азаттык”: “Манастын төрөлүшүн утурлай” деген жаңы тасмаңызды тартууга бир топ мамлекеттер да катышат окшойт. Алардын фильм тартуудагы үлүшү, жардамы кандай болот?

Н.Эген: Төрөкул, өзүңүз билгендей, фильм тартуу аябай кымбатка турат. Ошондуктан алгач болочок фильмдин сценарийин жазып туруп, каржылык колдоо табыш үчүн аны чет-өлкөлөрдөгү эларалык уюмдарга, ири сыналгы каналдарына көрсөтөбүз. Алардын ичинде буга чейин “Аталар керээзи” тасмамды тартууга көмөк көрсөтүшкөн Франциянын, Германиянын сыналгы каналдары бул жолку долбоорго да катышканы турушат. Мындан сырткары, орусиялык сыналгы каналы да катышмакчы, балким, жапондор да бул ишке тартылып калышы ыктымал. Колдоо сурап, ушул айдын этегинде кыргыз өкмөтүнө, Маданият министрине, “Кыргыз киного” кайрылайын деп турам.

“Азаттык”: Нурбек, сиздин буга чейинки “Аталар керээзи” тасмаңыз тартылган жылы ошол мезгилдеги кыргызстандык эң кымбат бюджеттүү фильм болуп калды эле. Бул жолку долбооруңуздун бюджети кандай болот деп ойлоп жатасыз?

Н.Эген: Бул документалдуу тасма болгондуктан, анын бюджети да анчалык көп болбойт деп ойлойм. Бүгүнкү эсеп менен алганда, жарым миллион АКШ долларынын тегерегинде болуш керек.

“Азаттык”: Фильмге тартылчу каармандарды кантип издейин деп жатасыз?

Н.Эген: Буюрса, жакында гезит-журналдарга менин жеке электрондук дарегим жарыяланат (enurbek@mail.ru – ред.). Ошол аркылуу адамдардан сунуштарды күтөм.

“Азаттык”: Качан сиздер тасманы тартууга киришесиздер жана көрүүчүлөрдүн назарына качан сунуш этилет?

Н.Эген: Биз эми, буюрса, тасманы ушул жылдын июль айларында тарта баштайбыз деп турабыз. Ал эми 2009-жылдын апрелинде элге көрсөтө баштайбыз.

“Азаттык”: Нурбек, сиз өзүңүз акыркы 17 жылдын тарыхын кыргызстандыктар үчүн кандай болду деп баалайт элеңиз?

Н.Эген: Бул мезгилдин жакшы жактары да, жаман жактары да болду. Көптөгөн туура эмес окуялар да болуп кетти. Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң эле жакшы көрүнүш – жаштарыбыздын чет-мамлекеттерде билим алып жатышканы деп ойлойм. Келерки маселе – ошол жаштардын билимин кантип өлкөнүн өнүгүшү үчүн колдонуу, аларды кантип мамлекетке иштөөгө чакыруу болуп турат. Жаман жагы – биз эркиндикти туура эмес түшүнүп калдык окшойт. Биз эле эмес, Советтер Союзунун баардык эле мамлекеттеринде мындай жагдай байкалат. Андан сырткары, биздин тилибизди, маданиятыбызды “булгап” жатканыбыз да жагымсыз көрүнүштөрдөн деп эсептейм.

Маектешкен Төрөкул Дооров, Бишкек
XS
SM
MD
LG