Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

А.ШИРШОВ «ДАСТАНГА» КЕЛДИ


Өткөн жылдын этегинде “Дастан” акционердик коомунун жетекчилиги эки ирет алмашылды. 26-ноябрда завод жетекчиси Каныбек Табалдиевдин ордуна Улукбек Ормонов дайындалган. Ал “Ак жол” партиясынын атынан парламентке депутат болуп кеткен соң жаңы орунга “Электрстанциялары”, андан соң “Түндүкэлектр” акционердик коомунун каржылык директору болуп иштеп келген А.Ширшов дайындалды.

“Дастан” акционердик коомунун директорлор кеңеши өткөн жылдын 28-декабрында жетекчилик орунга буга чейин “Түндүкэлектр”,
“Электр станциялары” акционердик коомдорунун каржы маселелери боюнча директорлук кызматтарын аркалап келген Алексей Ширшовду шайлады. Анын орунбасарлыгына Анвар Дунларов бекитилди.

Ага чейин 2007-жылдын 27-октябрында “Дастан” акционердик коомунун жетекчиси Каныбек Табалдиев кызматынан алынып, ордуна Улукбек Ормонов дайындалган. Ишкана жетекчисинин антип апыл-тапыл алмашуусун коомдун акцияларынын 20% жакынына ээлик кылган орусиялык “Росиндустрия” жоопкерчилиги чектелүү коому 30 миллион сомдук кредиттин “Дастан Инжиринг” компаниясынын эсебине которулушуна байланыштуу түшүндүргөн.

“Дастан” акционердик коому медициналык атайын жабдууларды жана коргоо өнөр жайына керектүү продукция чыгарган Кыргызстандагы ири ишкана. Анын 37% ашуун акциясына кыргыз өкмөтүнүн атынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети ээлик кылат. Мамлекеттик мүлк комитети 1 миллиард ашуун сомдук продукция чыгарган ишкана жетекчилигин улам-улам алмаштыруусу кандай максатты көздөп жатканы ушу тапта биртоп суроолорду жаратууда.

Кыргыз-орусиялык өкмөттөр ортолук комиссиянын теңтөрагасы Сергей Кириенко өткөн жылы Бишкекте завод ээлеген аянтка кайсы бир таасирдүү күчтөр кызыккандыгын кыйытып, өкмөт ири өнөр жай ишканасын өнүктүрүүгө өзгөчө камкордук көрүүсү зарыл экендигин баса белгилеген. Өкмөттүн заводго көрсөткөн камкордугу азырынча жетекчиликтин тез-тез алмашуусунан гана көрүнбөсө, башкача аракет-демилгеси байкала элек.

“Дастан” акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Султанбек Табалдиевдин ырасташынча, заводдогу окуялар кийинки кездери Кыргызстанда орун алган көрүнүштөрдүн бири.

- Бүткүл Кыргызстандагы башаламандык биздин заводго да келди. Завод бирөөлөрдүн колуна өттү,- дейт С.Табалдиев.

“Дастан” акционердик коомунунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Равил Кудяковдун ырасташынча, “Росиндустрия” жоопкерчилиги чектүү коому заводдун айланасындагы бүдөмүк оюндар күчөй баштаганда өзүнө тиешелүү 17% акциясын башка бир компанияга сатып, ушу тапта заводдун эмгек жамааты арасат абалда туру.

- Негизги акциялардын ээси директорлор кеңеши аркылу бул жерге Алексей Ширшовду алып келди. Орунбасарлыгына Анвар Дунларов дайындалды. Ушундай иштер болуп жатат. Ири адистердин айрымдары кетишти, айрымдары арыздарын жазып беришти. Калгандары токтоп турат. А.Ширшов менен А.Дунларов баарыбызды, мени да, калуубузду өтүнүштү.

Р.Кудяков ишкананын ири адистери “Дастан” акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Султанбек Табалдиевдин үй-бүлөсүн жаманаттылоону токтотууну, ошондой эле директорлор кеңешин жаңылоону талап кылышарын маалымдады. Жаңы жетекчи А.Ширшов кызматка дайындалган күнү, жаңы жылдан кийин бир ирет келгени болбосо “Дастан” акционердик коомунда аны көргөн-билген деле киши жок.

- Биз аны биринчи жолу уккан-көргөнүбүз 28-декабрда болду. Бул жерде жарым сааттай болду. Анан кечээ да жарым сааттай болду. Биз анын кимдигин, эмне кыларын деле билбейбиз. Анын кандай экенин да айта албайбыз, себеп дегенде билбейбиз.

Акционердик коомдун директорлор кеңешинин мүчөсү Аскар Даминов да кесиптешинин пикирин улап, жаңы жетекчи тууралу эч кандай пикир айта албастыгын билдирүү менен чектелди.

- Биздин жетекчини табыш кыйын.

А.Ширшовдун кандай жетекчи экендиги туралуу заводдун эмгек жамаатынын маалыматы деле жок. Ири заводду А.Акаев, К.Бакиев тушунда каадалуу кызматтардан түшпөс мурдагы энергетик алдыга сүрөп кетеби же сызга олтургузуп баса береби – бул маселе да көпчүлүктү ойлонтуп олтурган кези.

XS
SM
MD
LG