Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

18:46 Социал-демократтардын Ысыккөл районундагы координаторуна бийлик кысым көрсөтүп жатат


Ысыккөл райондук кеңешинин төрагасы Эшимбек Карасартов “Социал демократтар” партиясынын райондогу өкүлү болгондуктан, парламенттик шайлоо убагында туугандары менен Социал демократтарга үгүт ишин жүргүзгөндүгү үчүн кызматтан кетирүү боюнча аракеттер жасалып атканын белгиледи. Төраганын айтуусунда мыйзам боюнча райкеңештин ишине эч ким кийлигише албайт. Бир гана курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик экспертизанын райондогу жетекчилигинен жана мамлекеттик каттоо бөлүмүндө иштеген иниси Таалай Карасартов кызматтан кетиши мүмкүн. Анткени, райкеңештин төрагасынын ырасташынча бийлик тараптан өз ыктыяры менен арыз жазып кеткиле деген сунуш түшкөн. Бирок бул маалыматты мамлекеттик каттоо бөлүмү менен райондук бийликтин жетекчилери четке какты. (RB)

XS
SM
MD
LG