Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

АТКА МИНЕРЛЕР КЫЧЫРАГАН МАШИНЕДЕ ЖҮРҮШӨТ


Кыргызстанда мамлекеттик чиновниктер 40-50 миң доллардан кем турбаган кымбат машиналарды мингенди адат кылып алышкан. Чиновниктер мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган мындай машиналарды минип жүрүшкөнүнө карапайым калк нааразы. Ал эми 55 депутат ар бири 22 миң долларлык “Тойота-Камри” автоунаасын минип жүрүшөт. Азырынча ашыкча чыгымдардын жолун бөгөй турган айла табыла элек.

Өлкөдө мамлекеттик чиновник болуунун бирден бир көрсөткүчү жана белгиси мамлекеттик номердеги кымбат баалуу машина минүү болуп калды.
Нарын облусунун мурдакы губернатору Кемел Ашыралиевдин пикиринде мамлекеттик кызматкерлер ортосунда биринен бири өтүп кымбатыраак машина минүү боюнча мелдеш болуп жаткандай.

-Мамлекеттик чиновниктер президенттикинен кем эмес кымбат машиналарды минип жүрсө элдин турмушу кайдан оңолсун. Албетте, мындай чыгымдарга калктын көзү да көнүп, мыйзам ченемдүү көрүнүш өңдүү кабыл алына баштады. Мамлекеттик чиновниктин 3-4 миңдин тегерегиндеги маянасы азыр эч кимди деле кызыктырбайт. Бирок мамлекеттик кызматкер болуу менен өзүңө абдан ыңгайлуу, жайлуу шарт түзгөнгө маш болуп алышты. Мисалы, мамлекеттин эсебинен чет элдик машинелерди минип, чет мамлекеттерди кыдырып, жумшак эмеректерге отурганга шартың болот.

Чынында эле мамлекеттик гаражга баш баксаңыз совет убагында өтө кадырлуу "Волгалар" өтө жупуну көрүнүп калды. Себеби өңдөрү кулпуруп, биринен бири өткөн, укмуштай жалтылдаган чет элдик машиналар тим эле көз жоосун алып тизилип турат. Эми бир аз машиналарга саякат жасап көрөлү.
Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев кычыраган "Тойота-Прадо" жибин минип жүрөт. Ал эми айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Арстанбек Ногоевге күмүш түстөгү жапон унаасы “Тойота-Камри” таандык. Өлкөнүн коргоо министри Исмаил Исаков менен маданият жана маалымат министри Султан Раев экөө тең бардык автоунаадан “Мерседести” артык көрүп, кызматтык унаа кылып жүрүшөт.

Улуттук телерадио корпорациясынын жетекчиси Мелис Эшимканов мурдакы директор Кыяс Молдокасымовдун учурунда алынган кымбат баалуу “Ауди” автоунаасын алмаштыра элек.

Соцфондду жетектеген Марат Султанов көз жоосун алган апаппак "Тойота-Прадо" жип машина минет. Өлкөнүн мурдакы башкы милиционери Болотбек Ногойбаев бир эмес, эки тулпарга ээ болчу. "Ниссан-Террана" ак "Жип" жана "Мерседес" экс-министр мырзага кызмат кылып келди.

Облустардын губернаторлору айрымдары бирден эмес экиден автоаргымак минип жүрүшөт. Мисалы Ысыккөл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев тоо- ташка “жип” менен барса, түз жолдордо “Мерседес-600” үлгүсүндөгү автоунааны алкынтат. Ал эми Ош облусунун губернатору Аалы Карашев Кыдыкбек мырзадан кем болбой ак түстөгү “Тойота- Прадо” жип жана кара түстөгү “Мерседес-Бенц-500” үлгүсүндөгү эки автоунааны алмак- салмак минип жүрөт.

Ал эми жаңыдан Нарын, Талас жана Баткен облустарынын губернаторлук ээрине олтурушкан Өмүрбек Субаналиев, Бейшен Болотбеков жана Марат Жумабековдун кандай аргымак минээри же мурдакы жетекчилерден калганына тобо кылабы, азырынча табышмак. Мамлекеттик жогорку кызматтагылардын ар бирининкин ушинтип санап отурганга убакыт тар.
Ал эми президенттин уулдары Марат жана Максим Бакиевдердин кымбат баадагы түрдүү автонааларды кол жоолуктай улам алмаштырып минип жүрүшкөнүн карапайым калк жомок кылып айтып жүрүшөт. Улуу баласы Марат Бакиевди бир нече кавказдык жигиттер кайтарып, мамлекеттик номердеги “Мерседес” жана “Тойота-Ланкрузер” жиптери менен жүрүшөт.

Жогорку Кеңештин өткөн чакырылыштагы депутаттары ар бири 22 миң долларлык “Тойота-Камри” автоунаасына казынадан каражат бөлдүргөнү менен айрымдары гана бир айга чукул убакыт мингени болбосо, арманда калышты. Жогорку Кеңештин гараж башчысы Сейитбек Өмүрбеков маалымдагандай, учурда жаңы “Тойота-Камри” автоунаасынын 55 келип, анын 45и жаңы шайлаган депутаттарга берилди. Мындай жапжаңы кызматтык унааларга депутаттардын улуусу Бейшебек Акунов, төраганын үч орун басары, он эки комитеттин жетекчилери, үч фракциянын лидерлери жана 23 аял депутат ээ болушту. Ошондой эле депутаттардан Кыргыз эл артисти деп урматтап Керим Тураповго жана профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровго, белгилүү хирург Эрнист Акрамовго да 22 миң долларлык “Тойота-Камри” унаасы берилди.

Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозиев кымбат машиналарды кубалап миниш мамлекеттик чиновниктер арасында ооруга айланып баратканын айтат. Анын айтымында айрыкча өкмөт мүчөлөр бир эмес, 2-3 кызматтык машина минип, үйбүлөлүк деп өзүнчө машина карамаганга өтүштү.

«Ошол машиналардын жүрүп турганына кеткен чыгым ошол чиновниктин кол алдындагы кызматкерлердин маянасынан да ашып түшүүдө. Бул өтө уят иш, мындайга жол бербеш керек»,- дейт депутат Бегалы Наргозиев.

Депутат белгилегендей кыргыз өкмөтү мамлекеттик казынадан атайын каражат деген беренени көзөмөлгө албаса болбойт. Бул беренедеги салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн алынган 2 миллиардга жакын сом чиновниктердин шаан-шөкөтү, жумшак эмереги жана кымбат машиналары үчүн өзүнчө бөлүнгөн каражат бойдон калууда.

Кыргызстан эгемендикке чыккандан бери өзүн-өзү билип калган чиновниктердин алкын тыюу, тизгинин тартып коюуга мезгил жеткени такай айтылып келатат. Бирок өлкөдө аткаминерлерди ары-бери ташыганга 6,5 миң автоунаа кызмат кылат. Анчалык автоунааны кармоого, айдоочусуна акы төлөп, бузулганын оңдоп, май куюп турууга мамлекеттик казынадан 650 миллион сом жыл сайын сарпталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG