Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

Кремль: Британ кеңеши Орусия менен Британиянын мамилесин чыңалтууда


Кремлдин тыюу салуусуна карабастан, Британ кеңешинин Екатеринбург жана Санкт-Петербургдагы эки кеңсесинин кайрадан ачылышын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Британиянын эки тараптуу мамилелердин чыңалуусуна багытталган кутумчулугу катары баалады. Бул маселеге байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги британ элчиси Энтони Брентон менен сүйлөшүп, уюмдун эки кеңсесинин тең укуктук макамы аныктала электигине байланыштуу алар жабылышы керек экендигин айтты. Расмий Лондон бул талапка макул эместигин билдирди. Элчи Брентон расмий Москванын Британ кеңешине каршы бардык иши эл аралык укуктарды бузуу катары баалана турганын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG