Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

21:30 Ички иштер министри Б. Ногойбаев кызматынан бошотулду


Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган Болотбек Ногойбаев 10-январда Жогорку Кеңеште президент Курманбек Бакиевдин катышуусундагы отурумда кызматын таза, ак ниет аткарууга ант берген эле. Президенттин 14-январдагы жарлыгына ылайык Ички иштер министри болуп Молдомуса Конгантиев дайындалды. Ал буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп келген. ИИМ министринин биринчи орун басарлыгына Мелис Турганбаев, дагы бир орун басары болуп Жеңиш Жакыпов дайындалды. Ал эми жергиликтүү өзүн өзү башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиктин башчылыгына Мамасадык Бакиров президенттин жарлыгы менен дайындалды. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG