Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

СЕНАТОР ГРЕСЛИ ОРУСИЯДАГЫ ДЕМОКРАТИЯ ЖӨНҮНДӨ


Республикачыл сенатор Чарльз Гресли АКШ Сенатынын беделдүү мүчөлөрүнүн бири саналат. Ал Сенатка биринчи жолу 1980- жылы шайланып, ошондон бери анын мүчөсү. Гресли 2005-06- жылдары НАТОнун Парламенттик ассмаблеясындагы Сенаттын делегациясында иштеп, терроризмге, өзөктүк куралдарга байланыштуу эларалык проблемалар менен жакындан таанышкан. Таасирлүү сенатор Гресли 9- январда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Прагадагы баш кеңсесинде сенаторлордун тобу менен болгондо, Орусиядагы саясый кырдаалга байланыштуу радионун серепчиси Жэреми Бранштейнге интервью берген.

Президент Путиндин стабилдүүлүк көбүрөөк бааланышы зарыл; демократия деп эле, баш аламандыкка жол бербеш керек деген мааниде сүйлөгөнү бар. Путиндин бул сөзү, кандайдыр бир деңгээлде, 1990- жылдардагы баш- аламандык кайта кайталанышын каалабаган орусиялыктардын маанайын чагылдырат. Ушундан улам, орусиялыктар демократияда жашай албайбы деген суроо туулат. Сенатор Гресли демократияны баш аламандык деп түшүнүүнү жаңылыштык деп, саясый эркиндик экономикалык эркиндикке кенен жол бере турганын айтат:

-Эл шайлаган жана демократиялуу өлкөлөрдө адамдар добуш берүү аркылуу өкмөттү башкарууга мүмкүндүгү бар жана ага жардамдашып, таасир эте алат. Бул абдан маанилүү нерсе деп ойлойм. Эгер сиз элдин экономикалык жыргалчылыгына карачу болсоңуз, элдин жашоо шартын жакшыртууну кааласаңыз, саясый эркиндик бар жерде экономикалык эркиндик да кеңири экенин байкайсыз. Сиз өзүңүздүн экономикалык абалызды жана жашоо шартыңызды жакшыртууну кааласаңыз, саясый эркиндикти кеңейтүүңүз зарыл. Ошондо рынок иштейт, адамдардын жөндөмү туура жана жакшы бааланат. Бул адамдар каалаган нерсе.

Гресли соңку жылдары Орусиянын экономикасы мунайдын эсебинен өсүп жатканын, дале болсо орусиялыктардын жашоо шарты- президент Путин өзү айткандай - Португалиядагыдан төмөн экенине көңүл бурду.

Орус өкмөтү демократияны кыса баштагандан тарта Вашингтон менен Москванын алакасы бир кыйла начарлап кеткен. Эми эки өлкөнүн мамилеси кандай болуш керек?

-Кандай болгондо да кызматташуу токтобош керек. Бирок, биз өлкөнүн кайра советтик жолго түшүүсүнө ынанабыз деп, Путинди жана башка орусиялыктарды алдабашыбыз шарт. Себеби, Орусия- полициячыл өлкө болгондуктан, сиз жарандардын укугу, эркиндик үчүн күрөшсөңүз- жаман адамсыз.

XS
SM
MD
LG