Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

7:50 Турсунбек Акун Акыйкатчы Турсунбай Бакирди сотко бере турган болду


Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулун сотко бере турганын укук коргоочу Турсунбек Акун бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Акыйкатчы 14-январда маалымат жыйынын өткөрүп укук коргоочуну ак үйгө кызматка орноштуруу үчүн акча алган, митаам, алдамчы деп жалган маалымат таратып, адамдык ар намысына жана аброюна шек келтирген. “Коомчулукка мындай жалган маалымат таратып, негизсиз каралаганы үчүн Турсунбай Бакир уулу мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек”, дейт Турсунбек Акун. Акыйкатчы дүйшөмбү күнү аткарган иштери тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп, Турсунбек Акунду алдамчы деп, Акыйкатчынын кызматына татыксыз адам катары эсептерин айткан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG