Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

АЛЫП- САТМАЙ АГОНИЯСЫ УЛАНАБЫ?


“Агым” гезити аркылуу экономика илим доктору Айылчы Сарыбаев гезит кабарчысынын суроолоруна жооп берип, Кыргызстанда рынок мамилеси өнүкпөй, ишкердиктин эркин жана таза атандаштыгын мамлекет алиге түзө албай, алтургай дүйнөлүк экономика өнүгүшүнүн жолун бурмалап, биз өңдүү кулаган СССРдин урандысынан пайда болгон өлкөлөрдүн жетекчилери, айрыкча анын Чыгышындагылар мамлекет байлыгын башкаларга эле талатып тим болбостон, өзүлөрү да талап келатканын, айрым маалыматтарга караганда өлкөнүн ит-таламайга түшүп менчиктештирилген 300 ири завод-фабрикасынын бири да бүгүн иштебей тургандыгын, республиканын жеңил өнөржай флагмандары ушу тапта Кытайдын сапатсыз товарларын сатып соода кылган жайма базарга айланганын баяндап, экономист А.Сарыбаев мындай бир мисал тартып, кечээ эле жаңы бийлик коррупциялашкан жол менен белгисиз бирөөлөрдүн колуна өтүп кеткен ири ишканаларды бирден санап кокуйлап атып, жылына 1,2 миллион тонна цемент өндүргөн Кант цемент-шифер комбинатын 5 миллион долларга, Борбор Азиядагы уникалдуу Майлысуу электр лампа заводун 3,2 миллион долларга сатып жиберди. Коррупцияны жоймок тургай погуна куурай саялбаган бийлик эми Электр тармагын менчиктештирип, анын мындан аркы үзүрүн коррупциялашкан бир ууч топ менен көргөнү калды, деп айтты.

Ушул эле гезит ЖК сессиясында каржы министри Т.Калимбетова айым эбак банкрот болгон “Кыргызстан аба жолдоруна” 468 миллион сом которулду деп бир жаңылып, анан депутаттар жарга такаганда “Кыргызстан авиакомпаниясына самолет сатып алганбыз” деп эки жаңылып, аталган компания жетекчилиги эч кандай самолет сатып алган эмеспиз дегенде эмне дээрин билбей, 468 млн. сом абада асылып калганын, кезинде М.Акаеванын этегине эрмешип кызматтан кызматка көтөрүлүп келип, кийин А.Акаевдин агасы Болот Акаев тарабынан кызматтан куулган, “кошолек” деген атка конгон Эрик Арсалиев бүгүн “Ак жол” партиясы аркылуу депутат болуп, алтургай эларалык байланыштар бөлүмүнүн төрагасы болуп калганын, ошол эле убакта анын бакыйган кылмыш иши Башпрокуратурада жатканын, соңку учурда дымы чыкпай калган А.Атамбаев президенттикке тымызын даярдана баштаганын, кечээ “Акыйкат үчүн” кыймылы форум өткөрүп, 15 партия, 27 бейөкмөт уюм катышып, кыймылга А.Жекшенкулов, Т.Сариев, А.Эркебаев координатор болуп шайланганын маалымдады.

“Кыргыз туусу“ гезити айылдык Х. Курбанов аттуу автордун билим берүүнүн сапатына ой таштаган макаласына орун берген. Автор ал макаласында акыркы кездери билим берүү тармагында толгон-токой маселелердин башы ачылбай, аттестаты беш, ал эми башынын ичи бош жаштар көбөйүп баратканын, мугалимдердин көбү акчаны жакшы төлөгөн Орусияга ооп кетип, Түштүктүн айылдарында мугалимдер жатпей жатканын сөз кылган.

“Белый пароход” гезити өкмөт башчысы И.Чудинов менен баарлашкан. Ал негизинен жер титирөөдөн жапа чеккендерге көрсөтүлүп жаткан иш-чараларга токтолуп, аларга 50 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилерин, кыйраган үйлөрдүн абалы февралга чейин такталып бүтүп, февралдын алгачкы аптасында акчалар таратыла баштарын, мындан ары өкмөт ашар жолу менен курулчу курулуштан качып, мамлекет тарабынан 300-400 орундук типтүү мектептер салынарын кеп кылган. Ушул эле гезит президент Бакиев бюджеттеги социалдык ставкаларды азайтып, мурдагы пенсия жашына кайтып келүү сунушун кийиргенин, алтургай ал АКШга барган бир сапарында эки буту жок 75 жаштагы бир кемпирди көрүп, Америкадагы кары-картаңдардын жашоосунун узактыгына суктанганын белгилеп, капырай ушундай да шылдың болобу, ким менен, кайсыл өлкө менен салыштырганды тапкан экен, деги Американын жашоосу менен Кыргызстандын жашоосун салыштырып болобу, айтор президенттин каалоосу менен пенсияга чыгуу мөонөтү кайрадан узарганы калды, эми мындан пенсионерлер эле эмес башкалар да оңойзап тартпайт деп жазды.

Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып республиканын Түндүгү- бир кубометр жаратылыш газы үчүн 7 сом 21 тыйындан, Түштүгү 8 сом 90 тыйындан төлөй баштайт, көгүлтүр от ошентип 30 пайызга кымбаттады деп маалымдаган “МСН” гезити ушу күндөрү “Кыргызгаз” АКнын фирмалык дүкөнүндө газсчетчиктери сатылып жатканын, мындан аркы күн тартибинде Бишкек ТЭЦине инвестор тартып, ТЭЦ-2 ни ишке киргизүү, Ташкент-Бишкек-Алматы газтүтүк магистралынын экинчи бутагын куруу башталарын кабарлаган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG