Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

10:18 Нааразылык чаралары боюнча шаар кеңештин токтомун жокко чыгаруу арызын сот бүгүн карамакчы


Шаардык кеңештин нааразылык акцияларын атайын бөлүнгөн жайларда өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен бир катар укук коргоочулар өткөн жылдын соңунда Бишкек райондор аралык сотуна кайрылышкан эле. Сот бул арызды бүгүн түштөн кийин, саат төрттө карашы күтүлүүдө. Бишкек шаар кеңеши мындай чечимди былтыр 30-ноябрдагы отурумунда кабыл алган. Укук коргоочулар жана жарандык коомдун өкүлдөрү бул чечимди демократиядан артка кетүү, адам укуктарын чектөө катары баалашып, ага каршылыгын билдирип келүүдө.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG