Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:51

11:28 «Оберон» фирмасын каржы полициясы текшерүүдө


Республикалык каржы полициясынын өкүлдөрү Ленин райондук сотунун уруксаты менен фирманы бүгүн эртең мененден баштап текшерүүгө алганын «Азаттыкка» аталган фирманын ээси, оппозициялык белгилүү саясатчы Кубатбек Байболов билдирди. Мындай текшерүүгө мурда кыскартылган «фирма 2005-жылдын жыйынтыгы боюнча 1млн. 200 миң сомду салыктан жашырган» деген ишти башкы прокуратура кайра жандандырышы себеп болгон. Бул иш учурунда Жогорку сотко чейин жетип, «Оберондун» пайдасына чечилген. Фирма эми башкы прокуратуранын кыскартылган ишти кайра козгоосу мыйзамсыз деп, Биринчи май райондук сотуна, Ленин райондук сотунун текшерүү боюнча уруксатын жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаар сотуна кайрылууда. Кубатбек Байболов бул иштин саясий себептери бар деп эсептээрин, эгер мамлекет менчиги, бизнеси бар адамдардын укугун коргой албаса алар башка жактан баш паанек суроого аргасыз болоорун билдирди. Өндүрүш, соода жана башка тармактарда иш жүргүзгөн «Оберон» жылына мамлекетке ири өлчөмдө, 10 миллион сомдой салык төлөп келет. (SM)

XS
SM
MD
LG