Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

ТЕМИР САРИЕВ: КООМДУК ПАРЛАМЕНТКЕ ТАЗА, ЭЛ ИШЕНГЕН АДАМДАР КЕЛЕТ


“Акыйкат үчүн” кыймылы 14-январда өткөргөн саясий форумда 16-декабрда шайланып келген парламентти легитимсиз деп таануу, коомдук парламент түзүү жана элдик курултай чакыруу боюнча чечимдер кабыл алынды. Аталган кыймылдын лидерлеринин бири экс-депутат Темир Сариев ушул форумда кабыл алынган чечимдер жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

- “Акыйкат үчүн” кыймылынын форуму түзө турган коомдук парламент Конституцияга жатпайт деп Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров билдирбедиби, буга сиз кандай дейсиз?

- Ооба, Конституцияда жазылган атайын бийлик органдары бар. Бирок Конституцияда дагы бир жобо бар, бийликтин эң түбү бул кыргыз эли болот. 16-декабрда шайлоо болду, ошол шайлоодо элдин көпчүлүгү “Ата мекен” партиясы үчүн, дагы башка партиялар үчүн добуш берген. Шайлоонун жыйынтыгында Акүйдүн жетинчи кабатында отуруп алышып, өздөрүнчө парламенттеги орундарды бөлүштүрүп алышкан. Ушундай мыйзамсыз жүрүштөрдү көрүп отуруп, эл чоң кыжырданууга келген. Коомдук парламентти көптөрү жакшы түшүнбөйт, өзгөчө бийликте отургандар. Бул элдин ишенимин арттыра турган коомдук парламент деп биз айттык. Анткени, бүгүнкү парламенттин легитимдүүлүгү абдан чоң суроолорду туудурат.

Ошон үчүн кечээ күнү “Акыйкат үчүн” кыймылына кирген 15 партия, 26 бейөкмөт уюму, дагы бир топ коомдук ишмерлер катышкан жыйында парламент мыйзамсыз шайланды деп таптык. Ошонун негизинде коомдук парламентти түзүү боюнча чечим кабыл алынды.

- Эми ушул коомдук парламентке таза эмес адамдар да кириши мүмкүн деген кооптонуусун “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова билдирди. Сиздин буга кандай пикириңиз бар?

- Динара Ошурахунова ошол жерден кандайдыр бир күмөн саноолор болуп калышы мүмкүн деп суроо көтөрдү. Мен ошол жерде алып баруучу катары жооп бердим. Анткени, Динара өзү катышат, биз коомдук кеңештин мүчөлүктөрүн ар бир партия, ар бир коомдук бей өкмөт уюмдары жана коомдук ишмерлер менен сүйлөшүп туруп түзөбүз. Бул ачык-айкын, таза, элдин ишенимин арттырган адамдар келет деп айта алабыз.

- Форумда “Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев парламенттик шайлоо алдында бардык партиянын өкүлдөрү, анын ичинде “Ата мекен” партиясы да Акүй менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтып, соодалашууда бийлик утуп кеткенин белгилебедиби. Чынында эле “Ата мекен” партиясы бийлик менен ушундай соодалашууну жүргүздү беле?

- Жок, биз 18-декабрда шайлоодон кийинки эле күнү өзүбүздүн билдирүүбүздү жасаганбыз. Шайлоонун аябай чоң мыйзам бузуулар менен өткөнүн, биз бул парламентти тааныбайбыз деп ошондо эле айтканбыз. Эгерде соодалаша турган болсок, анда элде жүрүп аткан сөздөр, 15-20 орун “Ата мекенге” берет экен деген болмок. Биз эч кандай соодага барган эмеспиз. Эмил Каптагаев башка партияларды айтты, анын ичинде “Туран” партиясын айтты. Негизги талап мындай, парламент кандайдыр бир чиновниктердин эрки менен эмес, шайлоо элдин добушунун негизинде куралышы керек. Бүгүнкү парламенттин көп мүчөлөрү өздөрүнүн мыйзамсыз келгендерин түшүнүп эле турат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG