Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

15:49 "Сентябрь" телеканалынын мунарасына байланыштуу ишти экономикалык сот карайт


Сыналгынын мунарасына байланыштуу сот ишин кароону Жалалабат облустук экономикалык сот 23-январда карамакчы. Мындай маалымат телеканалдын түштүк аймагы боюнча деректири Асылбек Tекебаевден алынды. Анын айтымында ал Жалалабат облусундагы райондор аралык соттун 5-декабрдагы чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, экономикалык сотко кайрылган.Өткөн жылы район аралык сот облпрокуратуранын доо арызы боюнча Сузак районундагы Кара алма айыл окмоту менен бирдей аталыштагы токой чарбанын А.Текебаевге 6 сотик жер ажыратып берүү тууралу буйругун жокко чыгарып, телеканалдын мунарасын көчүрүп кетүү чечимин чыгарган.(YA)

XS
SM
MD
LG