Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:37

ОППОЗИЦИЯНЫН КООМДОГУ ОРДУ ЖАНА ТААСИРИ КАНДАЙ БОЛОТ?


“Акыйкат үчүн” кыймылы 14-январда өткөргөн саясий форумда 16-декабрда шайланып келген парламентти легитимсиз деп таануу, коомдук парламент түзүү жана элдик курултай чакыруу боюнча чечимдер кабыл алынды. Аталган кыймылдын лидерлеринин бири экс-депутат Өмүрбек Текебаев ушул форумда кабыл алынган чечимдер жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

- Өмүрбек мырза, оппозициялык күчтөрдүн, айрым саясий партиялардын жарандык коомдун өкүлдөрү биригүү аракетин көргөн алгачкы жыйынга чогулушту. Сиздин оюңузча, бул жыйындын, дегеле биригүү аракетинин натыйжасы кандай болмокчу?

- Кыймыл бул кеңири спектрдеги саясий күчтөрдү, атуулдарды бириктирген уюм. Бул кыймылга кээ бир маселелер боюнча бири-бирине таптакыр карама-каршы көз караштары бар партиялар, саясатчылар биригиши мүмкүн. Анткени, кыймыл бүгүнкү күндүн эң негизги маселесин бөлүп чыгарып, негизги максат кылып коет. Калган майда карама-каршы келбеген пикирлердин үстүндө туруп, ар кандай көз караштагы партияларды, саясатчыларды бириктирет. Бүгүн ушундай фактор болуп мыйзамдуулуктун бузулушу, мамлекеттик бийликке монополиянын реалдуу киргизиле башташы, ММКлардын чектелиши сыяктуу демократиялык принциптерден артка кайтуу бүгүн абдан маанилүү фактор, маанилүү кырдаал дегендиктен ар кандай көз караштагы саясатчылар, партиялар ушул кыймылга биригип отурат. Бул кыймылда бүгүнкү абалга баа берилип, бул изилденип, талкууланып негизги маанилүү деген багыт боюнча тапшырма чыгат. Мына ошол тапшырманы аткарыш үчүн, оң процесстерди сактап калыш үчүн, терс процесстерге каршы туруу үчүн бул кыймыл иш алып барат. Канчалык ийгиликтүү болот муну убакыт көргөзөт. Бүгүн ушундай кырдаал түзүлгөндүгү, демократиялык күчтөр 90-жылдын башындагыдай кайрадан биригүүгө аракет кылгандыгынын өзү коомчулукта маанилүү маселенин бар экендигин, ал жөнүндө көпчүлүктүн пикири бир экендигин көргөзөт. Бул абдан маанилүү окуя.

- Оппозициялык күчтөр, “Акыйкат үчүн” кыймылы ушундай биригүү аркылуу чоң таасирдүү күчкө айлана алабы?

- Бул бийликтин саясатынан, анын жүргүзгөн иш-аракетинен көп көз каранды. Эгер алар зордук-зомбулук, баскынчылык саясатын андан ары уланта бере турган болсо, албетте, кыймыл чыңалат, катышуучулардын саны көбөйөт. Абалдан көз каранды болгон суроо бердиңиз, кыймыл канчалык күч алат, канчалык чечкиндүү болот, кандай конкреттүү формаларды иш чара алып барат, муну бийликтин аракети, анан конкреттүү региондогу, ошонун ичинде Кыргызстандагы саясий экономикалык абал аныктайт.

- Коомдук парламентти түзүү идеясы түрдүү суроолорду пайда кылууда. Анын коомдогу орду кандай болмокчу?

- Муну убакыт көргөзөт. Биринчиден, бүгүнкү парламент өзүнө коюлган милдетти кандай аткарат. Ал жерде тигил же бул маанилүү маселелерди талкулоо ачык жүрүп, альтернативдүү ой пикирлер мурункудай болуп айтылабы. Эгер айтылбастан талкуусуз чечимдерди кабыл ала турган болсо, ошол жерде кабыл алынган маанилүү маселелердин манызын көргөзүп, анын Кыргызстандын келечегине кандай таасирин тийгизишин көргөзгөн альтернативалык ойлор айтылган коомдук талкуу коомдук парламентте жүрөт. Анын жыйынтыгы сөзсүз атуулдарга жеткирилиши керек.

Мунун маңызы ушундай, тигил же бул өкмөт, парламент кабыл алынган чечиминин кесепети кандай болот, анын Кыргызстанда болгон таасири кандай болот. Мына ушул планда кабыл алынып отурат. Ал эми бүгүн өзүбүз көрүп отурабыз, парламентте төрага, комитеттин төрагасы, фракциянын жетекчиси сүйлөйт, калгандарына сүйлөөнүн кереги жок деген тенденция дагы бар. Эгер калган депутаттарга сүйлөгөнгө уруксат берсе дагы партиялык дициплина аларды кысып коюшу мүмкүн. Анча-мынча эркин сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирин ММКлар, ошонун ичинде мамлекеттик телерадио компаниялар элге көргөзбөй коюшу мүмкүн. Ошентип бул жерде элге кабыл алынып аткан чечимдин күңгөй-тескейи айтылбай калышы мүмкүн. Коомдук парламент мына ушул кемчиликтерди четтетүүгө багытталган. Коомдук парламент тигил, же бул кабыл алынган чечим, тигил, же бул коомдук, экономикалык ыактылардын, окуялардын күңгөй-тескейин, анын альтернативдүү көз караштарын, анын кесепетин калкка жеткирүү миссиясын өзүнө алат. Ал жерде актуалдуу маселелер ар түрдүү тармактан талкууланып, баа берилип, маалымат калайык калкка жеткирилет.

- Сиздин баамыңызда эми өлкөдөгү мындан кийинки абал, жалпы эле саясий-экономикалык кырдаал кандай өнүгөт?

-
Өлкөдөгү саясий кырдаал эки чоң генералдык багыттан көз каранды деп эсептейм. Биринчиси, ушул кезге чейин коомдун бүйрөсүн кызытып, улуттук деңгээлде дискуссия болуп жүргөн энерго сектордун жана башка темир жол, аба жолдору сыяктуу стратегиялык ишканалардын приватташтыруусунун айланасындагы окуя, анын социалдык кесепети. Мисалы, Бишкек жылуулук борбору, Түндүкэлектро приватташтырылса, анын карапайым калкка кандай таасири тиет. Дүйнөлүк рынокто энерго ресурстардын, айыл чарба продукциялардын баасынын өсүшү кандай таасир этет. Ушунун баарын биринчи приватташтыруу линиясына байлагым келет. Экинчиси, бийлик демократиялык түзүлүштө кандай багыт алат. Бүгүнкүдөй эле күч колдонуу стилин алып демократияны, сөз эркиндигин чектөөгө багыт алган саясатын улантабы, же бизде реалдуу демократиялык режим сакталып калабы. Мындан да көп нерсе көз каранды. Анткени бүгүн ММКларды куугунтуктоо, саясатчыларды куугунтуктоо, адамдардын сөз, жыйналыш, саясий эркиндиктери ачыктан-ачык чектелип жаткан саясаты уланса бул дагы Кыргызстандагы саясий абалды аныктаган генералдык линиялардын бири болуп калат.

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу
XS
SM
MD
LG