Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

19:08 Жер титирөөдөн жабыркаган 570 киши жатаканадан өз айылына жылуу чатырларга көчүрүлдү


Бул жөнүндө Ош облус губернаторунун биринчи орунбасары Айтмамат Кадырбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын маалымдашынча, Карасуу районунун Башбулак аййылындагы кесипчилик окуу жайдын жатаканасында баш калкалап тургандар өз айылына кайтып, жылууланган чатырларда жашап жатышат. Карасуунун Нурдол участогунда гана 12 үй-бүлө калды. Алар дагы бир-эки күндүн ичинде кичи мекенине жеткирилмекчи. Апааттан айрыкча жапа чеккен Карасуу районунун Карасөгөт айылынын тургуну, Башбулактагы убактылуу лагердин башчысы Базаргүл Байзакова менен байланышканыбызда, ал облус жана район чоңдору көчүрүп барган бойдон кабар албай коюшкандыгын, эки күндөн бери отун-көмүргө зарыккандыгын, тоонун шатыртында мештер күйбөй, чатырлар жылыбагандыктан өзгөчө кемпир-чалдар, жаш балдар үшүп-тоңуп отурушкандыгын бийликке кулак кабыш кылып коюубузду өтүндү. (АТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG