Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

19:09 Каракол шаардык кеңешинин митинг, пикеттерди өткөрүү боюнча чечимин юстиция башкармасы каттоодон баш тартты


Каракол шаардык кеңеши пикет, митингдерди борбордон алыс парктын арасында өткөрүү боюнча 2007-жылдын 22-декабрында атайын токтом чыгарып, расмий жарыялаган эле. Бирок бул адам укуктары боюнча мыйзамга каршы келээрин ырастаган облустун акыйкатчысы Тойгонбай Жаанбаев облустук юстицияга кайрылганда, башкармалык ал токтомду каттоодон баш тартканын ырасмий билдирген. Акыйкатчынын айтуусунда, мамлекеттик токтомдор юстиция башкармалыгынан каттоодон өтпөгөндөн кийин күчүндө эмес. Ошондуктан Тойгонбай Жаанбаев митинг, пикеттер боюнча токулган токтомду жокко чыгаруу сунушун Каракол шаардык кеңешине жолдоду.(RB)

XS
SM
MD
LG