Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

19:11 “Ата мекен” партиясынын Нарын шаардык жана райондук комитеттеринин төрагалары шайланды


15-январда Нарын шаарында “Ата мекен” партиясынын Нарын облустук уюму жыйын өткөрүп, анда уюштуруу маселелери талкууланды. Облустук саясий кеңештин 12 мүчөсү шайланды, калган мүчөлөр райондордон толукталмай болду. Жыйында партиянын Нарын шаардык жана Нарын райондук комитетинин төрагалары да шайланды. "Биз партиянын иш аракетин жер-жерлерде активдештирүү менен бирге элге керектүү долбоорлорду ишке ашыра баштайбыз. Маселен жакында карышкырларды атууга карата партиянын борбордук органына сунуш киргизебиз. Анткени, элетте калкка олуттуу зыян алып келип жатат",- дейт партиянын облустук уюмунун жетекчиси Кенже Садыгалиева. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG