Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:52

Ооганстандын расмий өкүлдөрү билдиргенине караганда дүйшөмбүдө баш калаадагы мейманканага болгон кол салуудан 7 киши каза тапты. Катуу кайтарылган имаратка согушкерлер кантип кирип барганы түшүнүксүз. Адистер бул окуя козголоңчулар өз тактикасын өзгөрткөнүнөн кабар берет деп ырасташат.

Кабарларга ылайык, 4 жоочу Кабулдагы 5 жылдыздуу Серена мейманканасына чабуул жасашкан. Үчөө Калашников автоматы менен ок жаадырып, граната ыргытышкан. Төртүнчүсү болсо белиндеги бомбаны жардырган.

-Кечки саат 6 жарымдарда Серена отелинин маңдайында жан кечти бомба жардырды. Андан кийинки жардырууну жан кечти ишке ашырганбы же жокпу азырынча так билбейбиз, - деген окуядан кийин Ооганстандын ички иштер министрлигинин маалымат өкүлү Земарай Башари.

Жан таслим болгондордун арасында кеминде 3 чет өлкөлүк жаран бар деп маалымдалууда. Кайтаруучулардан тышкары америкалык 1 киши, норвегиялык журналист жана мейманканада иштеген филипиндик аял каза болду.

Ошол маалда жыйынга катышып жаткан Норвегиянын тышкы иштер министри Йенс Столтенберг жабыркаган жок.

Кийинчирээк талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид кол салуунун артында согушкер топ турат деп билдирди. Бирок бул маалыматты башка көз карандысыз булактар тарабынан тастыктоо мүмкүн эмес. Ооганстандын чалгын кызматтары эки шектүү киши камакка алынганын кабарлашты.

Серена – ооган баш калаасындагы жападан жалгыз люкс мейманкана. Ал жерге көбүнесе Батыштан келген коноктор жайгашат, чет өлкөлүк элчиликтер ар кандай жыйындарын, сый тамактарын өткөрүп жүрүшөт. Президенттик сарай, өкмөттүк мекемелер, полиция бөлүмүнүн жанында орун алган отель катуу кайтарылат. Аны башка имараттардан тосмолор, жардырууларга туруштук берген дубалдар бөлүп турат. Мейманкага кириш үчүн атайын текшерүү пункттарынан өтүү зарыл. Андыктан согушкерлер ал жерге кантип кире алганы табышмак бойдон калууда.

Ички иштер министрлигинин өкүлү ырастагандай, бул окуя козголоңчулардын тактикасы өзгөргөнүнөн белги берет.

Кабулдун айрым тургундары да мындай кооптонууну бөлүшөт:

-Эларалык коомчулуктун Ооганстандагы өкүлдөрү жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыздоону көздөшөт. Эми болсо алар өзүнүн коопсуздугун камсыздай албай калганын көрүп жатабыз. Чабуул жогорку даражалуу чет өлкөлүк адамдар жайгашкан жерде орун алды. Аларда өздөрүн коргоонун стратегиясы жок экени айкын болуп калды. Бул абдан өкүнүчтүү- дейт Ройтерстин кабарчысына Мохаммад аттуу студент.

Өлкөнүн мурдагы ички иштер министри, ооган согушкерлеринин согуштук тактикасы боюнча адис Али Ахмад Жалали жоочулар ири шаарларды бутага ала башташканын белгилейт:

-Кол салуу Кабулдун элин коркутууну көздөйт, эларалык коомчулукка, НАТО өлөклөрүнө: мына силердин Ооганстандагы аскерлериңер коркунучка туш болуп жатат деген ишара бергиси келет. Муну менен аларга кысым көргөзүп, контингенттерин чыгарттырууну максат кылышат. Экинчи жагынан алар баш калаада баш аламандык орнотуп жатышат. Элге бул таасир этпей койбойт жана өкмөткө көлөкө таштайт.

Норвегиянын тышкы иштер министри окуядан кийин билдиргендей, анын өлкөсү Ооганстандагы миссиясын аткарууну уланта бермекчи.

Улуттар уюмунун бейпилдик күчтөрүнүн маалымат өкүлү Адриан Эдвардс дагы эларалык коомчулук Ооганстанда тынчтык орнотуу ишин өтөлүнө чыгарууну максат кылат деп дагы бир жолу кайталады.

Австралиянын өкөт башчысы Кевин Руд болсо чабуулду айыптап, өлкөнүн элчилиги мейманканадан башка жерге көчүрүлөт деп билдирди.

Баса, АКШ жакын арада Ооганстанга кошумча аскер жиберүүнү пландап жатат.

Ушу тапта ал жерде америкалык 27 миңдей жоокер кызмат өтөөдө. Алардын жарымындайы НАТО жетектеген коалициянын курамына кирет.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG