Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

7:17 Бүгүн “Оберон” фирмасынын юристтери Биринчи май райсотуна доо арызын беришет


Маалыматтарга караганда аталган фирманын юристтери Башкы прокуратуранын кыскартылган ишти кайра жаңыртып козгоосу мыйзамсыз деп Биринчи май райсотуна кечээ арыз жолдогон. Бирок райсоттун нөөмөттөгү судьясы соттун төрагасынын өзүнө бергиле деп, алардын арызын каттоодон баш тарткан. Ошондой эле фирма Ленин райондук сотунун текшерүүгө уруксатын жокко чыгаруу боюнча кайрадан эле ошол Ленин райсотуна кайрылышты. 15-январда каржы полициясынын кызматкерлери Ленин райондук сотунун уруксаты менен фирманын документтерин алып, текшерүүгө алган. Буга “фирма 2005-жылдын жыйынтыгында 1 млн.200 миң сомду салыктан жашырган” деген ишти башкы прокуратура кайрадан козгогону себеп болгон. Бул иш учурунда Жогорку сотто каралып, “Оберондун” пайдасына чечилген. Аталган фирманын ээси, белгилүү саясатчы Кубатбек Байболов муну бийликтин саясий куугунтугу катары баалады. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG