Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУКТУН КОЛДООСУНАН АЖЫРАШЫ МҮМКҮНБҮ?


Кыргызстан баштан кечирген акыркы парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам өлкөнүн эл аралык бедели басаңдап кетти деген пикир коом күч. Буга шайлоодон кийин добуш берүү административдик басым алдында өтүп, жыйынтыктар бурмаланды деген ЕККУ баштаган эл аралык уюмдар менен АКШ элчилигинин билдирүүлөрү негиз берди. Андан кийин оппозициядагы партиялардын жеңилишине айран таң калгандыгын жарыялаган АКШнын Улуттук демократиялык институту менен Эл аралык республикалык институттун билдирүүсү аны бекемдеп, Кыргызстандын эл аралык мейкиндиктеги келечегине бүшүркөө күчөп баратат.

Кыргызстандагы оппозициячыл “Ата Мекен” партиясынын парламенттик мандаттан кур калгандыгына айран таң калгандыгын атайын билдирүүдө жарыя кылган АКШнын Улуттук демократиялык институту менен Эл аралык республикалык институт “депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү Копенгаген келишиминин негизинде Кыргызстан ЕККУ алдында алган милдеттенмесинин талаптарына жооп бербейт” деп белгиледи. Андан тышкары оппозиячыл партияны мандаттан кур калтырган БШКнын чечимин жокко чыгаруу боюнча партия берген доо арызды караган соттун “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы менен “Таза шайлоо” ассоциациясы күбөгө тарткан протоколдорду этибарга албагандыгына кабатыр болгондугун баса белгиледи.

Ошондой эле аталган эки уюмдун байкоочулары жыйнап келген протоколдор “Ата Мекен” партиясынын Ош шаарында жарым пайыздык босогону аттап өткөндүгүн айгинелеп турду деп билдирүүлөрүндө белгилешти. Мындан тышкары шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, БШК алдына пикетке чыккан жарандардын камалышын айыптады. Бирок, аталган эки институт мындай билдирүү Кыргызстандын келечектеги эл аралык аброюна кандай таасир берери тууралуу түшүндүрмө берген жок.

Ал эми мурун Кыргызстандын ЕККУдагы өкүлү болгон дипломат Аликбек Жекшенкуловдун баамында, мындай билдирүүлөр Кыргызстанга эл аралык ишенимди жоготот:

- Бул Кыргызстанга аброй алып келбейт. Кыргызстан демократиялык жолунан тайып, авторитаризмге баратат деген пикир дүйнө жүзүнө таралса саясий, эл аралык жана экономикалык мамилеге чоң таасир берет. Анын негизинде биздин мамлекетке ишеним жоголот.

Шайлоодо жеңилген “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Темир Сариев болсо бийлик эл аралык уюмдардын Кыргызстандын эл аралык коомчулуктагы аброй-беделин түшүргөн аракеттерин баса көрсөткөн билдирүүлөрүн этибарга албай жатат деген пикирде. Анын баамында, бийликтин мындай багыты Кыргызстанды бара-бара эл аралык коомчулуктан алыстатып, экономикалык кыйынчылыктарга да дуушар кылыш ажеп эмес:

- Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы эмес жеке кызыкчылыктын негизинде көп маселелер чечилип жатпайбы! Ошон үчүн буга чейин Европа Биримдиги, ЕККУ жана башка көп күчтүү мамлекеттер билдирүү жасашты. Ага бийлик көңүл бурган жок. Бирок, бул жон эле өтүп кетпейт. Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай жатса, ал эртеби, кечпи Кыргызстандын тышкы саясатына терс таасир берет. Биринчиден, эл аралык изоляция башталат.

Ал эми өлкө президенти Курманбек Бакиев жакында эле парламент менен кайрылуусунда: "Биз бүт дүйнө жүзүн жалпы саясий жана дүйнөлүк прцесстерге татыктуу өнөк катары кошула турганыбызды ишендире алдык. Өлкөнүн тышкы саясаты өнүгүүнүн жаңы этабынын максаттарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыкташып келатат",- деп белгилеп, Кыргызстан дүйнө коомчулугу менен ырааттуу ымалага аралашкандыгын жана ага даяр экендигин билдирген.

Президенттин мындай ишенимине карабастан Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин аткарбаса экономикалык жана саясий санкцияга дуушар болушу толук мүмкүн деген Аликбек Жекшенкуловдун баамында, эгер Кыргызстан андай күнгө дуушар болсо табигый ресурстарга бай коңшуларындай болуп эл аралык коомчулуктун таасирин этибарга албай коюуга чамасы чарк:

- Экономикалык жана саясий санкция Кыргызстан үчүн абдан чоң роль ойнойт. Анткени, Түркмөнстан болобу, Казакстан же Өзбекстан болобу бюджет жана ички дүң продукция жагынан кыйынчылык тартпайт. Алар өз күчү менен чыга алат. А бизде өз күчүбүз менен чыга албайбыз. Жардам маселеси абдан олуттуу маселе.

XS
SM
MD
LG