Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

РАЙС ИРАКТА БОЛУП КЕТТИ


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ Сауд Арапстандан Иракка келип кетти. Багдадга келери менен ал премьер-министр Нури ал-Малики, тышкы иштер министри Хошиар Зебари менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөр аяктаган соң журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, Кондолиза Райс баарыдан мурда бул жолку сапарында көрүп-уккандарына коомуту толгонун билдирди. Бир ай өткөн соң кайра келип, саясий чөйрөдө, айрыкча кайра куруу ишинде уланып жаткан прогрессти көргөнүн, бу процесс калк арасында массалык мүнөзгө өтө баштаганын айтып, Райс экстремисттерге,террорчуларга,чет элдик жалданма жаңчыларга каршы күрөшкө белсенген адамдар улам көбөйүп баратканын белгиледи.

Иракта соңку кездери коопсуздук жагдайы биртке жакшыра түштү, бирок кырдаал дале морт бойдон турат. Ырасмий Вашингтон премьер-министр ал-Маликинин өкмөтү ушул удулду колдон чыгарбай, араздашкан шейиттерди, сүннүлөрдү жана күрттөрдү саясий жактан жараштырганга жетишсе деп каалайт. “Мен ошондой эле улуттук лидерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм, байкоомдо, улуттук жарашуу жагынан да кызматташканга чоң ыкылас бар”, - деп айтты Райс.

Саясий элдешүү планында Саддам Хусейндин тушунда бийлөөчү мазап болуп жүрүп, азыр болсо бийликке өктөөсүн каткан сүннүлөрдү өлкөнү башкаруу ишине тартуу башкы маселе катары каралууда. Мурдагы Баас партиясынын мүчөлөрүнө коомдук иштерге катышканга уруксат берген жаңы мыйзамды Райс ушул өңүттөгү жакшы кадам деп атады. Эмки кезекте провинцияларда жергиликтүү бийликтерге шайлоо өткөрүүгө, мындан тышкары өлкөдөгү мунай жана газ кендерин бөлүштүрүү проблемасына байланыштуу мыйзамдар турат.

Райс Багдадда кабарчыларды Ирак менен Кошмо Штаттары өнөктөш өлкө бойдон калат деп ишендирди. Ирактын демократиялык тарыйкада шайланган өкмөтү менен Кошмо Штаттары өнөктөштүк тууралуу макулдашышкан. Эки өлкөнүн өз ара узак мезгилдүү орток кызыкчылыктары да бар,алардын эң башкысы деп Райс Ирактын бириккен, өз бөгүн өзү бөктөй билген өлкө болушуна жетишүүнү атады.

Райс ошол эле күнү кечке жуук Багдаддан Сауд Аравиясына кайтып кетти, бүгүн ал президент Бушту Египетке коштоп келет. Америкалык президент региондогу сапарын Каирде аяктайт.

XS
SM
MD
LG