Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Түркмөнстан өз алдынчалык алгандан бери анын Иран менен алакасы ар дайым майдай-сүттөй болуп келген. Бирок акыркы кездери, болуп көрбөгөндөй катуу сууктун мезгилинде, түркмөн газы Иранга жетпей калгандан бери эки ортону кара мышык аралады.

Түркмөнстан менен Иран жаратылыш газынын баасы тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатшыкан, бирок ал декабрь айында үзгүлтүккө учурап калды. Мындан көп өтпөй, жыл жаңырганда Ашхабат газ куурун оңдоо керектигин шылтоолоп, Иранга газ жиберүүнү токтотуп койду.

Бирок ирандыктар кеп газдын баасында болуп жатат деп шектенишүүдө. Өлкөнүн Мунай-газ министринин орун басары Акбар Торкан "Түркмөнстан жаңы талаптарды койгону жатат" деп ырастап, кыштын кыраан чилдесинде газ берүүнү токтотуу "адамгерчиликке жатпайт" деп кине койду. Ал эми Иран парламенттин Энергетика комиссиясынын мүчөсү Камал Денешиар Фарда үналгысына газ түтүктөрүн Түркмөнстандын кышында оңдоп жаткандыгына таң калганын жашырган жок:

– Түркмөнстан чындыкты айтпай атканын баары эле билет, бирок Ашхабадда муну түшүнбөйт. Кеп газдын баасында. Алар ремонтту жайында жасашса акылга сыймак. Түркмөндөр болгону газдын баасын көтөрүүнүн айласын издеп жатышат.

Түркмөнстандын түштүк коңшусуна газ берүүнү токтотушуна байланыштуу дагы башка кырдаалдар бар. Иранда 3 миллондой түркмөн жашаары белгилүү. 4-январда мына ушул ирандык түркмөндөр Каспий деңизинде уруксатсыз балык уулап жүргөндө, Ирандын кайгуул кемелери аларды байкап калып, айрым маалыматтарга караганда, алардын кайыктарын камоого алып, бир балыкчыны атып өлтүрүшкөн. Буга нааразы болгон түркмөн жамаатынын айрым өкүлдөрү өкмөттүк жайларга кол салып, мамлекеттик унааларга өрт коюшкан.

Бул тополоңдон кийин 300дөй түркмөн камакка алынып, айрымдары дагы деле абакта. Мындай кабардан кийин Ашхабад бийликтери Иранга газ жиберүүгө шашылбай жаткандыгын түшүнүү кыйын эмес. Ортодо башка да көйгөйлөр бар. Анын ичинде чек ара аймагындагы суу талашын жана Иранда түркмөндөрдү күч менен суни исламдан шийи исламга өткөрүү аракеттерин атаса болот.

Бирок газ талашында дагы башка себептер болушу мүмкүн. Былтыртан бери Түркмөнстанга америкалык атка минерлер ат тезегин кургатпай каттай башташты. Декабрда эле Мамлекеттик катчынын орун басары Эрика Баркс-Раглесс Ашхабатта болсо, быйыл жыл башында сенатор Ричард Лугар келип кетти.

Лондондо жайгашкан Жейндин Маалымат-аналитикалык тобунун коопсуздук боюнча серепчиси Алекс Ватанканын айтымында, Кошмо Штаттары Түркмөнстанды Иранга карата мамилесин өзгөртүүгө мажбурлап жатат деп ырастоо али эрте. Ошентсе да, геосаясат жана Ирандагы ички кырдаал мына ушундай боолгоолоолорго түрктү берет.

Ватанканын пикиринде, эгер Вашингтон чынында эле Ашхабадда ошончолук таасирге ээ болуп жатса, бул Борбор Азия саясатындагы ири бурулуш болуп калмакчы:

- Кошмо Штаттары Иранга газ жиберүүнү токтотууга жетише алганы чын болсо, анда демек АКШ Түркмөнстанга таасир этүүнүн жолун тапты.

Бирок аймакта АКШ жалгыз оюнчу эмес экенин унутпасак. Орусиянын монополист Газпромунун жетекчиси Алексей Миллер өткөн айда АКШ менен Евросоюздун өкүлдөрү түркмөн жетекчилерине түркмөн газынын баасы өтө арзан деп айтып жатышканын маалымдаган.

Маселенин дагы бир өңүтү түркмөн газын Иран аркылуу алган Түркияга байланышкан болушу ажеп эмес. Түркиялык Гази университетинин профессору Мехмед Сейфеттин Ашхабаттын жаңыча турумунда Москванын таасири болушу мүмкүн деп шектенет.

Анын аралыгында, түркмөн газы жетпей калган Түндүк Иранда жана Чыгыш Түркияда суук рекорддук чекке, минус 27 градуска чейин жетти.
XS
SM
MD
LG