Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

12:42 Бишкек шаардык салык башкармалыгы: Саясий партияларды текшерүү пландык иш


“Партияларды текшерүүнүн башталышы заказдык мүнөзгө ээ деп айтуу таптакыр болбойт”, - деп шаардык салык башкармалыгы билдирди. Эскерте кетсек, кечээ “Ата Мекен” партиясынын кеңсесине салыкчылар алгач партия уюшулган 1992-жылдан берки ишмердигин чарбалык субъект катары текшеребиз деп келген. Бирок партия өкүлдөрү бул мыйзамсыз деп түшүдүрүшкөн. Ушундай эле текшерүүлөргө “Ар Намыс”, “Жашылдар” партиялары да кабылганы кабарланган. Аталган партиялардын өкүлдөрү болсо, бул текшерүүлөрдүн саясий себептери бар деп белгилешкен. Ал эми салык башкармалыгынын аппарат кызматкерлери өз кезегинде, мындай текшерүүлөр бекитилген планга ылайык бардык партияларда жана бейөкмөт уюмдарда өтөөрүн айтышууда. (ESu)

XS
SM
MD
LG