Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

12:48 Жалалабатта “адам өлтүргөн” деп шектелген окуучуларды бошотууну талап кылган пикет өттү


Бүгүн Жалалабаттагы облусттук администрациянын маңдайына Тайгараев атындагы айыл өкмөтүнүн 100дөн ашуун тургуну нааразылык акциясына чыкты. Облусттагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун билдиришинче, алар 5-январда милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ушу тапта “адам өлтүрүү” фактысы боюнча шектелип жаткан 16 жаштагы үч мектеп окуусунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аларды абактан бошотууну, тергөө иштерин акыйкат жол менен өткөрүүнү талап кылышты. Камакка алынган балдардын ата-энелери тергөө учурунда суракка алынып жаткан балдарга тагылып жаткан күнөөнү моюндарына алдырыш үчүн “ур-токмокко алышканын” белгилешүүдө. Бирок Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги бул маалыматты четке какты. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG