Иш сапар 24-январда башталаарын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Премьер-министр Игорь Чудинов бул сапардын алкагында Евразия экономикалык шериктештигинин Мамлекеттер аралык кеңешинин 20-жыйынына катышмакчы. Кыргыз өкмөт башчысы ошондой эле Орусиянын, Казакстандын өкмөт башчылары жана мамлекеттик «Росатом» корпорациясынын, «Газпром» ААКсынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт. Бул Игорь Чудиновдун премьер-министр катары чет өлкөгө жасаган алгачкы иш сапары болмокчу.(SM)