Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

16:19 «Ата Мекен» партиясынын лидерлери АКШга «сый тамакка» чакырылды


Вашингтондо февраль айынын башында өтчү «Улуттук сый тамак» каадасына Кыргызстандан «Ата Мекен» партиясынан Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Эркин Алымбеков жана Карганбек Самаков катышмакчы. Бул тууралуу «Азаттыкка» партиянын маалымат катчысы Жоомарт Сапарбаев билдирди. Аларды 56-жолу өтүп жаткан бул сый тамакка АКШ Конгрессинин мүчөлөрү чакырган. Салтка айланган бул жөрөлгөгө АКШ президенти катышып, сөз сүйлөйт. Быйыл да президент Жорж Буш коноктордун алдында сөз сүйлөмөкчү. АКШда мындай эл аралык иш чара 1953-жылдан бери өтүп келет. «Сый тамак» учурунда анын катышуучулары эл аралык жана ички саясаттагы актуалдуу маселелерди кеңири талкууга алышат.(SM)

XS
SM
MD
LG